Жогорку сот: Сот бийлигине кийлигишүүгө аракет кылып, тоскоол болгондор жоопко тартылат
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды Мыйзамды сактоого чакырат.
“Бул күндөрү биздин коом жана ар бир жаран сыноолорду башынан өткөрүп жатат. Биз бардыгыбыз мурдагы окуялар кайталанбаш үчүн өткөндөн сабакты эске салышыбыз керек. Бул ар бирибиздин күнүмдүк турмушубузда мыйзам үстөмдүүлүгү алмаштырылгыс шарт болуп калышы керек. Болбосо, мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн бекем кепилдиги болбойт.
Ар бир адамдын конкреттүү кырдаалда жасаган иш-аракеттери түшүнүктүү жана Мыйзамга негизделген болушу шарт. Ар дайым жана кайсыл жерде болбосун жоопкерчилик сезим болуш керек”, -деп айтылат билдирүүдө.
“Сот бийлиги көз карандысыз. Ар кандай кийлигишүүгө жол берилбеши керек. Соттордун төрагаларын сот корпусу өзү шайлайт. Бул маселелерди чечүү - соттордун ыйгарым укугу.
Адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо күчтүү, көз карандысыз сот тутуму болмоюнча элестетүүгө болбойт.
Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда соттордун ишине тышкы кийлигишүү судьялардын көзкарандысыздык принцибин одоно бузат жана соттордун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылат. Мындай аракеттер кылмыш катары каралат.
Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу максатында соттун ишине кандайдыр бир жол менен кийлигишүүгө мыйзамдар жол бербейт”, -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×