Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алуудан келери менен эки күндүк тыныгууга кетишти

1 сентября 2020 14:50 1095 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин  VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын расмий ачылуусу болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 1-сентябрда КРнын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги сессиясынын расмий ачылуу аземи болду. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттарды жаңы сессиянын башталышы менен куттуктады.

Депутаттар парламенттин тармактык комитеттеринде иш алып барышмакчы.

Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков эл өкүлдөрү 1-2-сентябрь күндөрү комитеттерде иш алып барышарын, жалпы жыйын 3-сентябрда болорун айтты. Ага чейин танапис жарыяланды.

Белгилей кетсек, конституциянын 77-беренесине жана жогорку кеңешинин регламентинин 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-vi-chakyrylyshynyn-kezektegi-sessiyasynyn-rasmij-achyluusu-boldu



Добавить комментарий