Жогорку Кеңештин депутаттары дагы бир айга тыныгууга таркады
Алдыдагы парламенттик шайлоонун үгүт иштерине байланыштуу депутаттар 4-сентябрдан 2-октябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен иштей турган болду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Тиешелүү токтом парламенттин бүгүн, 3-сентябрда өткөн сессиясында кабыл алынды.
2-октябрга чейин парламенттин жыйындарын токтото турууну спикер Дастанбек Жумабеков сунуш кылды.
Ал үгүт иштеринин жүрүшүндө депутаттыкка талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрөрүн белгиледи. Жумабеков бул чечимин депутаттар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланбашы үчүн кабыл алганын айтты. Анын айтымында көпчүлүк депутаттар трибунада микрофонду өз максаттары үчүн колдонушу мүмкүн деди.
Эскерте кетсек, ЖКнын депутаттары июнь айынын аягында каникулга кетишкен, 1-сентябрда каникулдан кийин биринчи сессия болгон. Жолугушууда 3-сентябрга чейин тыныгуу жарыялоо чечими кабыл алынып, бүгүн кайрадан парламенттин кезектеги сессиясына чогулушкан.
Эртең, 4-сентябрда, шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кайсы партиялар шайлоого барарын 3-сентябрдан калбай жарыялоого тийиш.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-deputtattary-dagy-bir-ajga-tynyguuga-tarkady
Добавить комментарий ×