Таласта элдин үшүн алган илбирс Бишкекке алынып келди. Видео
Талас облусунун Көк-Ой айылында бакка чыгып кеткен илбирс Бишкекке алынып келди. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын чоргоо мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Ага ылайык, Улуттук илимдер академиясынын окумуштууралы менен дарыгерлердин консилиуму болуп, илбирсти рентгенге тартуу чечими кабыл алынган.
"Рентгенге тарттык, эми анын дартын аныктап, андан кийин дарылайбыз", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 9-январда социалдык тармактарда Талас облусунун Көк-Ой айылында бактын башына чыгып кеткен илбирстин видеосу тараган. Кийин аны жерге түшүрүп, атайын темирден жасалган торго салышкан. Ошентсе да илбирс кандай жол менен айылга түшүп келгени боюнча так жооп жок. Жергиликтүү тургундардын ырасташынча, илбирстин денеси жабыркагандыктан ага аңчылык кылынган болушу ыктымал.
Ссылка: https://barometr.kg/talasta-eldin-shn-algan-ilbirs-bishkekke-alynyp-keldi-video
Добавить комментарий ×