Жогорку Кеңештин депутаты Насыр Мусаев мандатынан баш тартты
Поделиться в:
Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат Насыр Мусаев мандатынан баш тартты. Мындай арыз менен ал Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылганын БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов “barometr.kg” сайтына билдирди. Анын айтымында, депутат БШКга мандатынан баш тартуу өтүнүчү менен кайрылган.
“Бизге Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынан депутат Насыр Мусаевден ден соолугуна байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз келип түшкөн. Бул боюнча маселе биз жакынкы күндөрү БШКнын жалпы отурумунда карайбыз”, - деди БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-deputaty-nasyr-musaev-mandatynan-bash-tartty
Добавить комментарий ×