Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова 300 үй-бүлөөгө көмөк көрсөттү
Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова 300 үй-бүлөөгө көмөк көрсөттү. Бул тууралуу парламенттин Басма сөз кызматы билдирди.
Депутат Айнура Осмонова өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу муктаж болуп жаткан жарандарга көмөк көрсөтүүсүн улантууда. Депутат өз демилгеси менен коронавирустун очогунда турган Сузак районунун айрым айылдарындагы, Жалал-Абад шаарындагы 300 үй-бүлөөгө азык-түлүк таратып берди. Алар: эт, ун, күрүч жана башка продуктулар.
Айнура Осмонова буга чейин Жалал-Абад облусунда коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерге деп экипировкаларды да алдыртып берген.
Эл өкүлү андан сырткары Жогорку Кеңештин жыйынында Жалал-Абадда коронавируска каршы күрөшүүдө тийиштүү дарыгерлер жетишсиз болуп жатканын көтөргөн. Мындан улам өкмөт тарабынан Жалал-Абадка депутаттын сунушу эске алынып дарыгерлер топтору жиберилген.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-deputaty-ajnura-osmonova-300-j-blg-kmk-krstt
Добавить комментарий ×