Жогорку Кеңеште Ирина Карамушкинаны диндер аралык кастыкты козутуп жатат деп айыпташты

30 апреля 2020 16:52 1837 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина парламенттин жалпы жыйынында эмне үчүн Сауд Аравиядан келген алгачкы кыргызстандыктар текшерилбегенин сурады. Ал өз сөзүндө депутаттар дагы алгачкы келгендердин ичинде болгонун жана алардын тапшырмасы менен келгендер текшерилген эместигин айтып, алгачкылардан болуп Сауд Аравиядан келгендердин тизмесин сурады.

Өз кезегинде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов башында Сауд Аравия коркунуч алып келе турчу мамлекеттердин катарында болбогонун айтып, ошондуктан текшерилбегенине токтолду.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров төраганы трибунадан диндер аралык кастыкты козутуга аракет кылып жаткандардын микрофонун өчүрүүгө чакырды.

“Жалган маалымат таратып жатканда көңүл буруп койсоңуздар. Акыл эстүүлөрдүн бардыгы коронавирус Кытайдын Ухань деген шаарынан чыкканын билет. Мээси жетпегендерге түшүндүрүп айтып коюш керек, бул Сауд Аравиядан чыккан жок, бул Ухань шаарынан чыкты. Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу жалган маалымат тарап жатат. Мен билем, кээ бир депутаттар менин улутумду жаман көрсүн, динимди жаман көрсүн. Бирок жалпы диндештерди, менин улутумду талкалаганга сиздер бул жерде жол бербегиле. Кыргыздын калпагын, негизги улуттук каада-салтын, адамдын жүрөгүндөгү ыйык сезимдерди айланып өтүш керек. Биз башка динди, улутту сыйлайбыз. Бул жерде диндерди карама-каршылыкка чакырып жаткан нерсе болуп жатат. Улуттарды бири-бирине карама-каршылыкка чакырган ураандар айтылган. Мындай болбойт, токтотуп коюшубуз керек. Регламентте андай каралган, укук дагы бар. Кыргызстанда кыргыздардан башка 87 пайыз мусулмандар жашайт. Качанкыга чейин биз чыдашыбыз керек? Коронавирус менен бир динди же улутту жаман көргөзүш керекпи?”, — деп суроо салды ал.

Депутат Алтынбек Сулайманов коронавирус кишинин улутуна, динине карабай турганына токтолду.

“Бул илдет улутуна, жакшысына карабайт. Урматтуу депутаттар этият кылалы умрадан келди деген сөздү. Мындай жерден саясат жасаган такыр туура эмес. Кайсы жактан келбесин эртедир кечтир бизге келмек, андан кутула албайт болчубуз. Оору кайдан келбесин аларды дарылоо мамлекеттин милдети. Ошондуктан ал жактан, бул жактан келди дегенди саясатка аралаштырбайлы. Декабрь айында умрага мен баргам, сурооңор болсо мага бергиле”, — деди ал.

Ирина Карамушкина сөз алып, аны кантип сүйлөш керектигин эч ким үйрөтө албай турганын айтты. Аны дагы башкалардай эле эл шайлагандыктан элдин айтып жаткан нерсесин айтууга акысы бар экенин кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshte-irina-karamushkinany-dinder-aralyk-kastykty-kozutup-zhatat-dep-ajyptashty



Добавить комментарий