Жогорку Кеңеште дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу мыйзам каралууда
Бүгүн 16-октябрда Жогорку Кеңеште дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу мыйзам каралды.
Анда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов Кыргызстанда катталган диний уюмдарынын так санын айтты.
«Сырттан келген диний уюмдардын саны 1990 жылдары кѳп болгон. Азыр андай эмес.1990 -жылы диний агымдар боюнча маалыматка караганда 39 мечет 15 жакын орус чиркѳѳлѳр болгон. Жалпысынан 1991- жылдары диний уюмдар 100 тегерегинде болсо, азыр 3000 ашык, кѳптѳгѳн диний уюмдар 1990-2000 жылдарга чейинки учурда каттодон ѳткѳн»,- деди.
Конституциялык палата Иегова күбөлөрүнүн диний борборунун кызыкчылыгында аракеттенген адамдардын өтүнүчүн карап чыгып, мыйзамдын 10-беренесиндеги «жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган» деген сөздөр Конституциянын 20-беренесине жана 35-беренесине карама-каршы келет деп табылган. Ошондон улам, мыйзамдын 10-беренесиндеги «жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган» деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын аймагында 3294 диний уюм расмий каттоодон өткөн. Алардын ичинде экстремисттик багыттагы 20 диний уюмга сот тарабынан тыюу салынган. Ал эми 2019-жылдын ичинде 6 адам экстремисттик аракеттери үчүн камакка алынган.
Добавить комментарий ×