Жогорку Кеңеште депутаттар сессияны балдардын катышуусунда ѳткѳрѳт

19 ноября 2019 09:47 1679 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Эртең 20-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттар менен БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдардын катышуусунда сессия өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы маалымдады.

Жыйын 20-ноябрда Балдардын дүйнөлүк күнүнө, Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынганынын 30 жылдыгына жана Кыргызстандын келишимге кошулганынын 25 жылдыгына карата ѳткѳрүлүүдѳ.

Парламенттик сессияга ѳлкѳнүн аймактарынан келген 8жаштан 16 жашка чейинки жалпысынан 25 бала катышат. Жыйында  балдар өздөрүнүн укуктары жана Кыргызстандын келечеги жөнүндөгү ой-пикирлерин ортого салышат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshte-deputattar-sessiyany-baldardyn-katyshuusunda-tkrt



Добавить комментарий