Социалдык өнүгүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлиги сунушталууда

25 ноября 2020 11:20 1428 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин карап жатат.

Солтонбекованын талапкерлигин премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков сунуштаган. Жогорку Кеңештин жыйынына өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков катышууда.

“Солтонбекова 42 жашта. Ал Бишкек шаарында төрөлгөн. Эмгек жолун мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган, андан кийин,  Ысык-Атанын акимиатында социалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы, кийинчерээк,  өкмөттүн аппаратында ушул эле сферада эмгектенген. Азыр ал Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары”, - деп тааныштырды Новиков.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-emgek-zhana-socialdyk-ng-ministri-kyzmatyna-aliza-soltonbekovanyn-talapkerligin-karap-zhatat



Добавить комментарий