Жөнөкөйлүк-улуулук. Жээнбековдун Индиянын өкмөт башчысына кол чатыр кармап бергени талкууланууда

15 июня 2019 11:21 3296 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбековдун Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визитинин учурда келген конокту сыйлап кол чатыр кармап бергени социалдык тармактарда талкууланып жатат. Бул тууралуу сүрөттү Кыргыз Республикасынын мигранттарды колдоо фондунун директору Тимур Саралаев бөлүшүп, “жөнөкөйлүк-улуулук” деп жазды.

Ал эми “Биздин укук” коомдук фондунан Калича Умуралиева “Ар бир өзүн урматтаган кожоюн өзүнүн коногун сыйлайт.Класс!” деген пикирин калтырды.

Окурмандар бул сүрөткө өз пикирлерин жазууда.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-июнда Шанхай кызматташык уюмунун саммитинин алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуп бир катар документтерге кол коюлган.Ошондой эле президент “2021-жылды биз  Кыргызстан менен Индия достугу жана маданияты Жылы деп жарыяладык”,-деп маалымдаган.

2018-жылы эки өлкөнүн өз ара соода-сатыгынын көлөмү 37 миллион АКШ долларын түзгөн.  

Ссылка: https://barometr.kg/zhnkjlk-uluuluk-zheenbekovdun-indiyanyn-kmt-bashchysyna-kol-chatyr-karmap-bergeni-talkuulanuuda



Добавить комментарий