ЖМК: Түркмөнстанда коронавирустан бир киши каза болду
Түкмөнстандын Лебап велаятында өлкөдө иштеп жаткан кытайдын China National Petroleum Corporation компаниясынын кызматкерлери үчүн уюштурулган атайын лагерде бир киши коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Turkmen.news сайты жазды.
Ага ылайык, каза болгон киши тууралуу маалымат өтө жашыруун сыр катары сакталууда. Turkmen.news сайтынын кабарлашынча, каза болгон жигит Кытайдагы жогорку окуу жайлардын биринде окучу. Анын сөөгү өрттөлүп жок кылынган.
Башка бир маалымат боюнча Марый велаятынын орто жаштагы тургунунда дагы буга чейин белгисиз болгон вирустун белгилери байкалган. Ал оор абалда Лебап велаятындагы карантин киргизилген лагерде жатат.
Карантин лагеринде атайын көчмө госпиталь жайгаштырылган. Анын тегерек-чети үч жолу курчоого алынып, тыкыр кайтарылууда.
Ишенимдүү булактын маалыматы боюнча, 31-январда санитардык авиация аркылуу Лебап велаятына өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча санитардык кызматтын адистери алып келинген. Жакында эле мамлекет башчысы Гурбангулы Бердимухаммедов өкмөт башчысы, министрлер, велаяттардын хакимдери, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетечилеринен катышуусу менен жыйын курган.
Жергиликтүү басылмалардын жазышынча, 30-январдан тарта Пекин – Ашхабад багыты боюнча учкан бардык учактар Түркменабад шаарына конгон. Ушул эле күнү Түркмөнстан Өзбекстан менен болгон чек арасын жапкан.
Акыркы маалыматтар боюнча Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирустан 910 киши каза болуп, 40 600дөн ашык кишиге жуккан.
Ссылка: https://barometr.kg/zhmk-trkmnstanda-koronavirustan-bir-kishi-kaza-boldu
Добавить комментарий ×