ЖМК: Казакстандан кыргыз номерлүү автоунаалар чыгарылат

15 января 2020 11:59 5336 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын полициясы чет мамлекеттин номери тагылган автоунаалар менен жүргөн казакстандыктарды тескөө нормасын тапты. Мыйзам бузган чет мамлекеттик номер таккан автоунаалар жакын арада Казакстандан чыгарыла баштайт. Бул тууралуу kolesa.kz басылмасы жазды

Мындай чектөө "Жол кыймылы жөнүндөгү" мыйзамда жазылган, анын 63-беренесинде өлкө аймагындагы бардык автоунаалар Казакстанда катталышы кажет. Болгону эл аралык жол кыймылына катышкан автоунаалар бир жылдан ашык эмес убакыт жүрө алат.

Полициянын маалыматы боюнча бир жыл мурда ЕАЭБдин аймагынан Казакстанга кирип, каттоого алынбаган автоунаалар өлкө аймагында мыйзамсыз жүрөт. Полиция чек ара кызматынан көп кирип-чыккан автоунаалардын тизмесин сурады. Казакстанда каттоого алынбаган машналар "Поток", "Сергек" системалары аркылуу аныкталат. Андан сырткары кайгуул экипаждары да көмөк көрсөтөт.

Мыйзам бузган автоунаалардын ээлери бардык салыктарды, керек болсо бажылык жол-жоболоштуруунун айырмасын төлөйт, же анын автоунаасы ээсинин каражатына Казакстандан чыгарылат жана Казакстандын аймагына киргизилбейт.

Ссылка: https://barometr.kg/zhmk-kazakstandan-kyrgyz-nomerl-avtounaalar-chygarylat



Добавить комментарий