Унаа басып калган окуя: 3 жаш наристе, 1 ымыркай, 2 аял каза болду

24 июня 2022 15:24 1001 Barometr
Поделиться в:
ok

Ошто оор жүк ташуучу унаа басып каза болгондордун саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Буга чейин, Ош облусунун, Кара-Суу районунун,  Нариман  Жаңы-Маала айылынын Касымбеков көчөсүндө HOWO үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн унаа жолдон чыгып, оодарылып 4 адамды басып калганы тууралуу жазганбыз.
Жаңы маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны алты адамга жетти.

"Кулаган унааны кран менен көтөргөндөн кийин  2 аял, 3 кичинекей кыз жана 1 ымыркай каза болгондугу аныкталды.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ыкчам топ, ӨКЧК Түштүк борборунан 1 кран жана 9 куткаруучу тартылышкан.

Алар каза болгон жарандарды унаанын астынан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/zhk-tashuuchu-unaa-basyp-kalyp-3-zhash-nariste-1-ymyrkaj-2-ayal-kaza-boldu



Добавить комментарий