Жигит кызды ала качып, андан соң милициянын имаратында аны мууздап салды

28 мая 2018 21:40 4152 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облусундагы Жайыл райондук ИИБнин имаратында жигит кызды мыкаачылык менен союп салган. Алган жараатынан улам, кыз окуя болгон жерден жан берген.

Чүй облустук ИИББ barometr.kg сайтына бул фактынын болгондугун тастыкташты. Бирок, азырынча окуянын катышуучуларынын кимдиги жана эмне себептен мындай келишпестик келип чыккандыгын маалымдоо эртелигин билдиришти.

Өздүк булактардын билдирүүсүнө караганда, жигит кызды ала качып алып келген. Бул боюнча милицияга билдирүү түшкөн жана күйөө бала милициянын бөлүмүнө алынып келинген. Кыз да күбөө катары ошол бөлүмгө келип, жигитке каршы арыз жазууга ниеттенип жаткан. Мындай көрүнүшкө ачуусу келген жигит бычак алып, кызды бычактап салган.

Учурда Чүй облустук ИИББ тарабынан бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhigit-kyzdy-ala-kachyp-andan-so-miliciyanyn-imaratynda-any-muuzdap-saldy



Добавить комментарий