Бакиевдин үйүнүн ордуна балдар үчүн реабилитациялык борбор курулду

6 декабря 2022 14:01 1418 Barometr
Поделиться в:
ok

Мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык имарат бузулуп, ордуна жаңы, заманбап реабилитациялык борбор курулду. Бул тууралуу президенттин иш башкармачысы Каныбек Туманбаевдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, Бакиевдерге таандык болгон эски имарат толугу менен бузулуп, жаңы борбор салынган.

“Урматтуу достор, эсиңерде болсо Жибек-Жолунда жайгашкан мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык имаратты жай айында бузуп, ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курууну баштаганбыз.

Ошондо “булар басып алды, ээлеп алды, эми өзүнө үй салат экен” деген ушактарды таратышты эле.
Биз натыйжаны иш жүзүндө көрсөтөбүз, мына буюрса имарат бүтүп калды, жакында ачылышы болот. Жүз орундуу, заман талабына ылайык шарттары менен колдонууга берилет”, -деп жазылат билдирүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhibek-zholundagy-bakievge-taandyk-imarattyn-orduna-baldar-chn-reabilitaciyalyk-borbor-kuruldu



Добавить комментарий