Жети-Өгүз районунун милиция кызматкерлери өзгөчө кырдаалда күнү-түнү иштешүүдө

4 мая 2020 11:17 853 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун милиция кызматкерлери өзгөчө кырдаал режими алкагында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Райондук ИИБнин бардык өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен тышкары, ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери да, коомдук коопсуздук жана укук тартипти камсыздоого тартылган.

Азыркы учурда, Жети-Өгүз районунун аймагында 2 санитардык-карантиндик посттор орнотулган. Алар -  Ак-Суу району менен чектешкен Ырдак айылында жана Тоң району менен чектешкен Тосор айылдарында жайгашкан. Ар бир постто, жергиликтүү милиция кызматкерлери, саламаттыкты сактоо кызматчылары, ӨКМдин жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү күнү-түнү кызмат өтөшөт. Мындан тышкары, Кызыл-Суу, Саруу, Дархан, Тамга, Жеңиш айылдарында 6 фильтрлөөчү посттор жайгаштырылган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн демилгеси менен жергиликтүү тургундардан, элдик кошуундан жана айыл-өкмөтүнүн кызматкерлеринен куралган 16 айылдын ичинде кошумча посттор орнотулган. Посттордо коомдук коопсуздукту жана укук тартипти камсыздоо үчүн бирден милиция кызматкерлери бекитилген.

Ссылка: https://barometr.kg/zheti-gz-rajonunun-miliciya-kyzmatkerleri-zgch-kyrdaalda-kn-tn-ishteshd



Добавить комментарий