Жеке колдордон дары-дармектерди сатып алуу сиздин ден-соолугуңуз үчүн кооптуу

21 августа 2020 15:53 1183 Barometr
Поделиться в:
ok

Күз айларында коронавирустун экинчи толкуну болот деп кооптонуп дарыканалардан көп сандаган дары-дармектерди сатып алуунун кежети жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев брифинг учурунда берген маалыматына таянып «Барометр» билдирет.

"Урматтуу мекендештер, коронавирус инфекциясынын жана пневмониянын экинчи толкунун күтүп, дарыканалардан көп сандагы ашыкча дары-дармектерди сатып алуунун эч кажети жок. Үй шартында дары-дармек каражаттарын туура эмес сактоо анын курамынын өзгөрүшүнө алып келиши ыктымал, кесепетинде ал дарыны ичүү натыйжасыз болуп же ден соолугуңузга зыян алып келиши мүмкүн", - деди Нурболот Усенбаев.

Ошондой эле жеке жактардын колунан дары-дармектерди сатып алуу сунушталбайт. Анткени алардын жасалышы жана сактоо шарттары белгисиз. Бул дагы сиздин ден-соолугуңуз үчүн кооптуу болушу ыктымал!

Ссылка: https://barometr.kg/zheke-koldordon-dary-darmekterdi-satyp-aluu-sizdin-den-sooluguuz-chn-kooptuu



Добавить комментарий