Жеңилдетилген кредитти алууда эми ишкерлерден үч гана документ талап кылынат

25 августа 2020 17:36 1425 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөт башчы банктардын жетекчилери менен жолугушууда жеке ишкерлерге банктар тарабынан коюлган талаптардын жеңилдетилишин талап кылган. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Малыматта, ишкерлерден талап кылынуучу төрт документти банктар өздөрү эле санариптештирүү жана «Түндүк» системасы аркылуу алышары белгилүү болду.

Эми жеңилдетилген кредиттерди берүүдө банктар ишкерлерден 3 гана документти сурашат:

1. Күрөөгө коюлган мүлккө техникалык, укук коргоочу документтердин түп нускалары. Күрөөгө коюлган мүлктүн түп нускалары банкка тапшырылат.

2. Патенттин көчүрмөсү, жеке ишкердин күбөлүгү жана ИНН. Бул талап банктар үчүн зарыл.

3. Кредит алуучунун ишкердигин же кошумча кирешесин тастыктаган документтер. Бул талап банктар тарабынан тобокелдиктерди азайтуу максатында алынат.

Ссылка: https://barometr.kg/zheildetilgen-kreditti-aluuda-emi-ishkerlerden-ch-gana-dokument-talap-kylynat



Добавить комментарий