Жеңил салмактагы UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келиши мүмкүн

12 декабря 2018 23:00 1508 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Жеңил салмактагы UFCнин  чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келиши мүмкүн. Бул тууралуу анын атасы мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (UFC) спорттук уюмунан Хабиб четтетилип калса, дүйнө жүзүн кыдырып чыга тургандыгын ТАСС маалымат агенттигине билдирген. 

Мушкердин атасы Абдулманап Нурмагомедов “Эгерде Хабибди четтетип коюшса, ар күн сайын 3,5 сааттан машыгып, дүйнө жүзүн кыдырып чыгабыз”-деди. 

“Учурда Малайзия менен Индонезияга чакыруу бар, ал жакта мусулмандар көп. Биздин кошуналар - Азербайжанга чакырышкан, Түркмөнбашы чакырган. Кыргызстандын президенти жеке өзү чакырган. Бул өлкөдө бизди баарынан жакшы тосуп алып, жакшы кайтарууга алышкан», - деп билдирген Абдулманап Нурмагомедов.

Эске салсак, 7-октябрда "UFC" 229 мелдешинде Хабиб ирландиялык мушкер Конор Макгрегорди 4-раундда жеңип, натыйжада эки тараптуу мушташ чыккан.

Учурда эки мушкер тең атлетикалык комиссиясынын (NSAC) бүтүмү чыкканга чейин убактылуу четтетилген. АКШнын Невада штатындагы Атлетикалык комиссиясы (NSAC) Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун жазасын 29-январда карала тургандыгын айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/zheil-salmaktagy-ufcnin-chempionu-habib-nurmagomedov-kyrgyzstanga-kelishi-mmkn



Добавить комментарий