Жээнбековдун Түркмөнстандагы сапарында 11 документке кол коюлду (тизме)

24 августа 2018 03:15 1268 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагындагы 11 документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Эки мамлекеттин башчылары тар жана кеңири чөйрөдө жолугушту. Андан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, досутукту жана ишенимди бекемдөө жөнүндө декларацияга кол коюлду. 

Кол коюлган документтердин тизмеси: 

Бишкек жана Ашхабад шаарларынын ортосундагы бир туугандык байланыш түзүү жөнүндө макулдашуу; 

Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирликтери ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу; 

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Түркмөнстандын Теле-радио берүү жана кинематография мамлекеттик комитетинин ортосундагы кино өндүрүү жана теле-радиоберүү тармагында биргеликте кызматташуу боюча макулдашуу; 

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен Түркмөнстандын министрлер кабинетине караштуу Башкы архив башкармалыгынын ортосундагы 2018-2020 жылдарга архив иши боюнча кызматташтык жөнүндө программасы; 

2015-жылдын 5-августундагы айыл чарба тармагындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында эки тараптуу кызматташтыкты ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы; 

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуу; 

Транспорт чөйрөсүндөгү кызматташтыктын негизги принциптери жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу өкмөттөр аралык меморандум; 

Тышкы иштер министрлиги менен Түркмөнстанды тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2019-2020-жылдарга кызматташуу программасы; 

Соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуу; 

Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуу. 

Белгилей кетсек,  президент  Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедовдун чакыруусу аркылуу мамлекеттик сапар менен келген. Андан кийин   Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп барат.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekovdun-trkmnstandagy-saparynda-11-dokumentke-kol-koyuldu-tizme



Добавить комментарий