Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик иш сапар менен учуп кетти

23 августа 2018 19:55 1392 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта Түркмөнстанга мамлекеттик визит менен учуп кетти. Бул тууралуу Президенттин  маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик сапардын алкагында мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен тар жана кеңири курамда жолугушат. Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда. Андан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп барат.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-trkmnstanga-mamlekettik-ish-sapar-menen-uchup-ketti



Добавить комментарий