Жээнбеков: "Соттор өздөрү буйрук чыгарып, мага шылтап коюп жатышат, аларга жогору жактан буйрук болгон эмес, болбойт дагы"
Бөлүшүү:
Президент Сооронбай Жээнбековго айрым соттор дагы деле буйрук аткарып жатканы тууралуу суроо берилди.
"Сот бийлигине өз ишиңерди кылгыла деп айтып жатам. Соттор өздөрү чечим кабыл алып эле "жогору жактан буйрук болду" деп шылтоо кылып жатышат. Мен ачык айтайын азыр сотторго жогору жактан буйрук болбойт", — деди ал.
Жээнбеков ошондой эле сот актаса Жээнбеков жакшы, абакка кессе Жээнбеков жаман болуп жатканын белгиледи.
"Эгер сотторго кийлигишип жаткандар болсо мага айткыла, факты бергиле, чара көрөбүз", — деди президент.
Добавить комментарий ×