Жээнбеков Соликамскиде шахтадагы өрттөн улам каза болгондорго көңүл айтты
Президент Сооронбай Жээнбеков Соликамскидеги шахтада өрт чыгып, шахтерлордун каза болгондугуна байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
«Соликамскидеги шахтада өрт чыгып, кенчилер трагедиялуу каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза тапкандардын жакындарына жана туугандырына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», -деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.
Эске салсак, Пермде ишемби күнү "Уралкалия" шахтасында жердин астынан түтөп, өрт чыккан. 9 кенчи кызматкери чыга албай 364 метр тереңдикте калып калышкан. Болгону 17 адам иштеген. Алардын сегизи чыгууга үлгүргөн.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-solikamskide-shahtadagy-rttn-ulam-kaza-bolgondorgo-kl-ajtty
Добавить комментарий ×