Путин: Кызыл аянттагы кыргыз жоокерлердин басуусун сыймыктануу менен көрдүк

27 июня 2020 11:23 2671 Barometr
Поделиться в:
ok

Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянуу менен «Барометр» билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки жактын тең кызыкчылыгындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Путин Жээнбековдун Москвага келгенине ыраазычылыгын билдирди жана аскер парадына катыша албай калгандыгын өкүнүү менен белгиледи.

Ошондой эле, Жеңиш Парадынын катышуучуларынын катарында өз өлкөсүн татыктуу көрсөткөн Кыргызстандын аскер кызматкерлерине дагы ыраазычылыгын билдирди.

Улуу Жеңиш эки өлкө үчүн ыйык мааниге ээ экенине токтолду.

Жээнбеков Аскер парадына катышуудан баш тартуу чечими эң биринчи кезекте ардагерлер менен чет элдик делегация башчыларынын саламаттыгына кам көрүү менен шартталганын белгиледи.

Ошону менен бирге кыргызстандыктар Москванын Кызыл аянтында Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун аскерлери жеңишке жетишкен ата-бабаларындай болуп параддан өткөндөрүн чоң кызыгуу жана сыймыктануу менен көрүшкөнүн баса белгиледи.

Эки мамлекет жетекчилери стратегиялык өнөктөштүктү жогорку деңгээлде колдоо боюнча макулдашышты.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-rossiya-federaciyasynyn-prezidenti-vladimir-putin-menen-telefon-arkyluu-sjlsht



Добавить комментарий