Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кызыл аянттан баскан кыргыз жоокерлери (Видео)

25 июня 2020 09:47 2625 Barometr
Поделиться в:
ok

Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн жоокерлери Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышты. Алардын катарында Кыргызстандын аскерлери дагы бар. Бул тууралуу "Барометр" билдирет

Бул жылы Жеңиш парады 24-июнда болду. Дал ушул күнү — 1945-жылдын 24-июнунда Кызыл аянтта жеңүүчүлөрдүн легендарлуу тарыхый парады болгон эле. Ал эми быйыл Кызыл аянттагы салтанаттуу жүрүшкө Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Белоруссия, Молдова жана Тажикстандын армиясы катышты. Парадка жалпысынан 13 миңден ашык аскер, 234 заманбап жана аскер техникалары тартылган.

Москвадагы аскердик парадга Кыргызстандын атынан Панфилов атындагы мотоаткычтар дивизиясы катышты. Кыргыз жоокерлерин полковник Бекказы Түмөнбаев жетектеди.

Эске салсак, КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков, делегациянын мүчөлөрү жана аны коштогон адамдар Москвага келгенден кийин COVID-19га тест тапшырышкан. Анын жыйынтыгы менен президентти коштогон эки адамдан коронавирус илдети аныкталганына байланыштуу президент парадка катышуудан баш тарткан.

.

Ссылка: https://barometr.kg/zheishtin-75-zhyldygyna-karata-kyzyl-ayanttan-baskan-kyrgyz-zhookerleri-video



Добавить комментарий