Жээнбеков өлкөнүн Улуттук өнүгүү стратегиясынын иштелип бүткөн долбоору менен таанышты

17 июля 2018 04:00 1352 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти. 

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоору талкууланды.

Нурсулу Ахметова Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү Стратегиясынын долбоору коомдук талкуунун натыйжасында эксперттик жана илимий коомчулуктун пикирин эске алуу менен кошумчаланып, иштелип чыкканын маалымдады.

Стратегия-2040 орто мөөнөттүү этабын ишке ашыруунун алкагында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын долбоорун туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна киргизүү тапшырмасын берди.

Улуттук кеңештин жыйыны 2018-жылдын 25-июлуна пландалды.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-lknn-uluttuk-ng-strategiyasynyn-ishtelip-btkn-dolbooru-menen-taanyshty



Добавить комментарий