Жээнбеков Алтынбек Максутовго эл артисти наамын ыйгарды. Тизме

31 декабря 2019 09:53 2678 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  30-декабрда, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:

III даражадагы “Манас” ордени менен:

Айтматова Розетта Төрөкуловна–Бишкек шаарындагы “Аялдарга жардам берүү борбору” коомдук бирикмесинин президенти;

Актанов Табылды Тыныбекович–Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

Осмонов Өскөн Жусупбекович–К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин тарых жана философия кафедрасынын башчысы;

Тажибаев Абдиваит–коомдук жана саясий ишмер, эмгек ардагери;

“Даңк” ордени менен

Сутенова Байма Жапаровна–Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын программалар дирекциясынын координациялык борборунун менеджери;

“Даңк” медалы менен:

Алибегашвили Лев Маркович–Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргызжолтрансдолбоор”долбоорлоо-изилдөө институту” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары;

Ахмедов Бегижан Махмудович
–коомдук ишмер, тарыхчы, жазуучу;

Маматкеримова Гүлмира
Рысбековна–көз карандысыз эксперт, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү;

Мамбеталиев Аскар Мамбеталиевич
–пенсионер;

Мурзаев Рахматилла–Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын начальниги;

Мусаев Акылбек Инаятович–Бишкек шаардык № 1 клиникасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы;

Пальчунов Владислав Петрович–Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Муз-Төр” ачык акционердик коомунун башкы директору;

Примов Бердибай–“Пэрити Коал” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Сагынбаев Латипжан
–коомдук жана саясий ишмер, эмгек ардагери;

Сопиев Абдыманап Усокеевич–Чүй облусунун Аламүдүн районунун “Афган согушунун жана башка аскердик чыр-чатактардын ардагерлеринин” коомдук бирикмесинин төрагасы, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаты;

Фёдоров Александр Павлович
–сүрөтчү-фотограф;

Чочунбаева Динара Илимбековна–“CACSARC-kg” (“КАКСАРК-кейджи”) коомдук фондунун директору;

берилсин:

“Кыргыз Республикасынын эл артисти”
деген ардактуу наам:

Дүйшөкеева Майрам Нарынбаевнага–Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солистине;

Максутов Алтынбек Аскаровичке–Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кɵркɵм жетекчисине;

Нышанов Нурланбек Ашымовичке –Бишкек шаарынын “Устатшакирт плюс” коомдук фондунун салттуу музыка борборунун көркөм жетекчисине;

Тумакова Айзада Маметисаевнага–А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солистине, сахнанын алдыңкы чеберине, балетмейстер-коюучусуна;

Чалабаев Эгемберди Вахаповичке
–Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын режиссеруна;

“Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу”
деген ардактуу наам

Абдылдаев Шаршеналыга–жазуучу, котормочуга;

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”
деген ардактуу наам:

Ахмедов Абдикерим
Султановичке–обончу, ырчы, Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин окутуучусуна;

Дүшеева Кенжекан Шамшиевнага–“Томирис” продюсердик борборунун жетекчисине;

Карыбаев Аскарбек Акматовичке
–обончу, композиторго;

Касымбеков Ильичбек Тезековичке–М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын сахна чеберине;

Осмоналиев Токтомуратка–Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын комузчусуна;

Шеркулов Намазбек Камчыбековичке
–комузчуга;
“Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам:

Ажыматов Зайырбек Самагановичке–акын, “Азаттык Медиа” мекемесинин штаттан тышкаркы кабарчысына;

Балбекина Лариса Васильевнага–Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын труппа боюнча көркөм жетекчисинин жардамчысына;

Бекешов Бейшенбек Асековичке
–“2-канал” (“NewTV” телерадиокомпаниясы) жоопкерчилиги чектелген коомунун кабарчысына;

Бектурова Асия Тобокеловнага–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин ведомстволук архивдер менен иштөө жана контролдоо боюнча секторунун башкы адисине;

Жаманкулов Ырайымбердиге–Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси, Ош облусунун Алай райондук маданият үйүнүн көркөм жетекчисине;

Закирова Айнура Абдукахаровнага–Жалал-Абад облусунун Сузак райондук бириктирилген китепканалар тармагынын директоруна;

Кенжеева Айымкан Кенжеевнага–“Аксаамай” фольклордук ансамблинин  көркөм жетекчисине;

Мамбетказиева Айгүл Токтобековнага–Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директоруна;

Мамбетов Ишенбек Маралбаевичке–А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директорунун орун басары – аткаруучу директоруна;

Рыспаев Курманбек Абдымамбетовичке–Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын басма сөз- кызматынын жетекчисинин орун басарына;

Сарыгулова Зина Амановнага–К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын вокалдык өнөр жана дирижерлук факультетинин деканына;

Төлөнов Ырысбайга–сүрөтчү-живописчи, Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин директорунун орун басарына;

Турдалиева Бегимбүбү Турапбаевнага–“Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин саясат бөлүмүнүн башчысына;

Эшкожоева Бегайым Ибраимовнага–Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын пландоо жана эфирди камсыздоо бөлүмүнүн башчысына;

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы”
деген ардактуу наам:

Асаналиева Айтыканга–Бишкек шаарынын № 15 үй-бүлөлүк медицина борборунун педиатр-врачына;

Байгончокова Бурул Чоокбаевнага–Бишкек шаарынын № 1 үй-бүлөлүк медицина борборунун врач-иммунологуна;

Деркембаева Мундук Сагымбаевнага–Ысык-Көл облусунун Түп райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун “Аракет” үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачына;

Жарматова Темиркан Досатовнага–Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басарына;

Жданова Елена Васильевнага–Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун көп дарыларга туруктуулук бөлүмүнүн башчысына;

Иманкулов Абдыгали Нарыбаевичке–Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысына;

Көчманбетов Темирланга–Нарын облусунун Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун № 2 “Кызарт” үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчисине;

Курманова Айман Темиркуловнага–Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар  бөлүмүнүн башчысына;

Маматов Адамкалийге–Чүй облусунун Сокулук райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун стоматология бөлүмүнүн башчысына;

Тазабекова Жамал Исмаиловнага–Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгынын Ош шаары жана Ош облусунун медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунун ординатор-врачына;

Хусенова Махбуба Юсуповнага–Баткен облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысына;

“Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам

Бообекова Асылгүл Анарбековнага–Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын башкаруу боюнча бөлүмүнүн башчысына;

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими”
деген ардактуу наам:

Авазов Абдыманап Коноковичке–Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Т. Темирбаев атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалимине;

Акматов Абдыкалыкка–Ош облусунун Өзгөн районундагы
А. Калмурзаев атындагы № 20 орто мектебинин директоруна;

Алибаев Абдумиталип Шарабидиновичке–Баткен облусунун Баткен районундагы “Кара-Токой” мектеп-гимназиясынын математика мугалимине;

Базарова Апалга–Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т. Мойдунов атындагы  № 1 “Макмал” жалпы билим берүү орто мектебинин директоруна;

Жанузакова Ибадат Шакиевнага–Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ж. Бөкөнбаев атындагы № 2 орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимине;

Карачаева Минаваркан Абдивахаповнага–Ош облусунун Кара-Суу районундагы А. Шеркулов атындагы № 74 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимине;

Качканакова Бардакүл Дүйшөновнага–Талас облусунун Манас районундагы И. Отунбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин математика мугалимине;

Самиева Тамарахан Кожоевнага–Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Тамга” жалпы билим берүү орто мектебинин мурдагы директоруна;

Стаханов Токтожума Мадиевичке–Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Октябрь орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимине;

Эркебаев Мойдунга–педагогикалык эмгектин ардагерине;

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө
эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам:

Байгазиев Кадырбердиге–Ош мамлекеттик университетинин гуманитардык-педагогикалык   колледжинин орто кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысына;

Бурканов Мустапакул Аниваровичке–Ош облусунун Ноокат районундагы “Шаңкол” орто мектебинин директоруна;

Кудайкулова Айгүл Мамажановнага–Ош шаарынын азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүү мектеп-интернатынын директоруна;

Кыргызбаева Чынарга–К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын доцентине;

Матиева Гүлбаданга–Ош мамлекеттик университетинин математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин алгебра жана геометрия кафедрасынын профессоруна;

Орунбеков Бакытбек Орунбековичке–Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникациялар факультетинин журналистика бөлүмүнүн ага окутуучусуна;

Сатыбаев Абдуганы Жунусовичке–Ош технологиялык университетинин маалыматтык технологиялар жана башкаруу кафедрасынын башчысына;

Сырдыбаева Эльмира Айбашевнага–Бишкек шаарынын № 127 “Акылай” баланы өнүктүрүү борборунун директоруна;

Тян Светлана Иннокентьевнага–Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы № 1 “Достук” мектепке чейинки билим берүү уюмунун директоруна;

“Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер”
деген ардактуу наам:

Арзиев Жоромаматка–Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын                            А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш ресурстары институтунун директоруна;

Нургазиев Рысбек Зарылдыковичке–К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректоруна;

Турдалиева Чолпон Жапарбековнага–Борбордук Азиядагы Америка университетинин антропология профессоруна;

Усупбаев Акылбек Чолпонкуловичке–И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дипломго чейинки жана дипломдон кийинки окутуунун урология жана андрология кафедрасынын башчысына;

Чодураев Темирбек Макешовичке–И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география, экология жана туризм факультетинин деканына;

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти”
деген ардактуу наам

Давлесов Батырбек Насыровичке–Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн экспертине;

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи”
деген ардактуу наам:

Бекбасаров Рашид Бердибаевичке –Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мурдагы мүчөсүнө;

Шайназаров Тынчтык Урайимовичке
–Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына;

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына
эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам:

Абетекова Рыскүл Нургазиевнага–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн экспертине;

Бардинова Нуржан Арзыкуловнага–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысына;

Иманалиев Каныбек Капашовичке–Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына;

Телекманова Алмагүл Өмүрзаковнага–Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысына;

“Кыргыз Республикасынын байланышына
эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам:

Джумабеков Батырбек Тологоновичке“Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун техникалык директоруна;

Сабырканов Эгемкул Исраиловичке–“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун Ош облустук филиалынын директоруна;

“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына
эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам

Айдаралиев Таалайбек Алимбековичке–Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директоруна;

“Кыргыз Республикасынын транспортуна
эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам

Бусурманкулов Абдималик Бурканбековичке–“Манас” эл аралык аэропорт” ачык акционердик коомунун инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын директоруна;

“Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам

Жогина Ильвира Алексеевнага–Бишкек шаарынын “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директорунун орун басарына;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Абдыжакыпов Султанбек
Төлөгөнович–Нарын облусунун Нарын районундагы “Азим С” асыл тукум чарбасынын башчысы;

Абдырахманов Кутбай–Баткен облусунун Баткен районундагы Токтогул атындагы орто мектебинин математика мугалими;

Айдаралиев Кубанычбек Ысагалиевич–Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Соода саясаты башкармалыгынын начальниги;

Аманова Кундузкан Козубаевна–Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Баластан” телеканалынын продюсери;

Асангулова Айдай Бектемировна– “Кийиз Дүйнө” коомдук фондунун директору;

Ахметов Сапарбай Арзимбаевич–Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ж. Турусбеков атындагы № 16 орто мектебинин математика мугалими;

Бакиров Анарбек Убайдуллаевич–Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы бөлүмүнүн башчысы;

Батырбекова Самара Мырзакматовна–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын кирешелерди эсепке алуу жана декларацияларды иштеп чыгуу бөлүмүнүн инспектору;

Бекбоев Жолдошбек Доталиевич–Бишкек шаарынын Р. Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору;

Бекмурзаев Каныбек Зиябудинович–Ош облусунун Араван районундагы “Зиябидин-Ата” асыл тукум фермердик-үрөнчүлүк дыйкан чарбасынын башчысы;

Виноградова Галина Аркадьевна–М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын теория сабактары жана жалпы фортепиано боюнча окутуучусу;

Гапаров Жамшит Бурканович–“Ошэлектр” ачык акционердик коомунун нөөмөтчү электромонтеру;

Джапаркулова Марина Кадырбаевна–Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефону” борбору” мамлекеттик мекемесинин директору;

Джунушбаев Асылбек Сардарбекович–“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Автотранспорттук ишканасы” мамлекеттик мекемесинин айдоочусу;

Жапаров Шавкат Акматович–Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “Атайын байланыш кызматы” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын фелъдегери;

Жапарова Канталат–Баткен шаарынын В.И. Ленин атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими;

Жолболдуев Памирбек Бакыевич–Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин финансы-экономикалык жана чарба иши боюнча проректору, “Бухгалтердик эсеп жана аудит” кафедрасынын доценти;

Зикиров Таалайбек Мамаевич–Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары;

Исаева Бактыгүл Кедейкановна–Чүй облусунун Токмок аймактык ооруканасынын директору;

Ишимканова Айтбүбү Кыдыгалыевна–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун документтик камсыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

Казыбекова Алтынай Рыскуловна–Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы М. Бабкин атындагы
№ 1 мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими;

Кандыбаева Парида Кочкоровна–Баткен облусунун Кадамжай районундагы Молдо Нияз атындагы гимназия мектебинин директору;

Карабаев Гайназар Мананович–Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы “Таш-Короо” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Каримов Нодирбек Тохтосинович
–Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Койбагарова Асель Алмазбековна–Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин медициналык факультетинин дерматовенерология жана фтизиатрия кафедрасынын профессору, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дерматовенерология кафедрасынын башчысы;

Кривошеин Вадим Петрович–Бишкек шаарынын “Дастан” трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунун атайын техника конструктордук бюросунун  начальниги;

Кубатбеков Алмазбек Анарбекович–Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары – башкы врачы;

Куренкеев Айбек Суербекович–“Байланыш операторлордун ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору;

Кыязов Адылбек–Бишкек шаарынын № 51 мектеп-гимназиясынын драма ийриминин жетекчиси;

Мамбеткалиева Жыпариса
Токоновна–Нарын облусунун Жумгал аймактык ооруканасынын директорунун медайымдар иши боюнча орун басары;

Миненков Геннадий Олегович–Бишкек шаарынын “ТОМЭКС” медициналык борборунун нур менен диагностикалоо бөлүмүнүн башчысы;

Мурзаева Айнагүл Тургунбаевна–Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Электрондук саламаттык сактоо борборунун медициналык статистика жана талдоо башкармалыгынын медициналык статистика бөлүмүнүн башчысы;

Мурзалиев Кылычбек Мураждинович–Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары;

Назаралиева Нарынкул Медербековна–“Кыргыз туусу” басма үйүнүн экономика бөлүмүнүн башчысы;

Назаров Омурбек Ысмайылович–Бишкек шаарынын “Планета Максимус”, “Бешикстройсервис” жана “Глобал бизнес консалтинг” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун директору;

Нургазиева Сабира Муктаровна–Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын аллерголог-врачы;

Оморов Турдалы–Ош шаарынын олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин окутуучу-машыктыруучусу;

Расылканова Аписа–Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук балдар музыкалык мектебинин директору;

Ратченко Игорь Владимирович–Бишкек шаарынын “Аякс-Тэломанит” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Рахмолдоев Замир Абдыкалыкович–Нарын облусунун Жумгал районундагы “Чаек балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби” мекемесинин эркин күрөш боюнча окутуучу-машыктыруучусу;

Рысалиева Турсун Куменовна–Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жалпы бөлүмүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын протоколдук камсыздоо секторунун башчысы;

Садыков Ильдар Вахидович–“Туган-Тел” татар-башкыр маданий борбору” коомдук бирикмесинин вице-президенти;

Сайдуллаев Файзулла–Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Үч-Коргон-Исфайрам” суу пайдалануучулардын ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин башкы инженери;

Сариева Роза
Керимовна–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резевдер фондунун дан жана андан алынган азыктардын сапатын баалоо боюнча лабораториясынын башчысы;

Солтонгельдиева Сабира Самидиновна–Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы;

Субанова Алымкан Сатканкуловна–Бишкек шаарынын “Алма Мода” тигүү ишканасынын директору;

Темирбаев Абулбек Сатымбаевич–Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы “Кочкор-Ата” облустар аралык медициналык реабилитация борбору” мекемесинин балдар психоневрологиясы бөлүмүнүн башчысы;

Токтобаева Калипа Дөмөрбековна–Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Д. Шопоков атындагы   № 4 жалпы билим берүү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

Төлөгөнова Раиса Кадыровна–Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Барскоон мөмө-жемиш багы” коомдук бирикмесинин жетекчиси;

Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович–Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Узакбаева Айнура Зарылбековна–Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачынын медицина бөлүгү боюнча орун басары;

Усенова Нуруйла–Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы  № 9 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;

Шагамурзаев Ашымбек Тиллабаевич–Баткен облусунун Баткен районундагы “Жаңырык” фельдшердик акушердик пунктунун фельдшери;

«Бир айыл – Бир продукт +1» коомдук бирикмеси
–Каракол шаары, Ысык-Көл облусу;
«Дан Агро Азыктары» жоопкерчилиги чектелген коому–Бишкек шаары.

Кыргыз Республикасынын
ПрезидентиС.Ш. Жээнбеков

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-kyrgyz-respublikasynyn-mamlekettik-syjlyktary-menen-syjloo-zhnnd-zharlykka-kol-kojdu



Добавить комментарий