Жээнбеков кыргыз элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады
Бүгүн, 31-августта борбор калаабыз Бишкекте Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата майрамдык иш-чара өтүп жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнө шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Анда президент эгемендик майрамы дүйнөнү каптаган пандемияга байланыштуу адаттан тышкары өтүп жатканын айтты. Кыйын күндө кол куушуруп олтуруп калбай, ынтымакта жана биримдикте өлкөбүздөгү болуп жаткан кырдаалды жеңебиз деп ишендирип өттү.
"Урматтуу мекендештерим! Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктайм. Бүгүн - биздин мамлекетибиз үчүн улуу күн. Көз карандысыздыгыбыз - эң ыйык дөөлөтүбүз, эң бийик сыймыгыбыз. Эгемендигибиз - ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз. Эркиндигибиз - ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезимибиз. Улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берчү аманатыбыз. Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо - ар бирибиздин ыйык милдетибиз", - деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле өлкө башчы эгемендиктин жыйырма тогузунчу жылын, жалпы дүйнөнү каптаган пандемиянын учурунда белгиленип жатканын айтып, кыйын күндө тикеден тик турган дарыгерлердин, тартип сакчылардын, аскерлердин, ыктыярчылардын жана ишкерлердин эмгегин баса белгилеген.
"Шартка жараша, жыл башында пландалган салтанатуу иш-чаралар болбой калды. Эгемендүүлүк - бул эркин мамлекетте жашап жаткан эркин адамдардын — ар бирибиздин ички сезимибиздеги салтанат. Биз бүгүн эгемен журт экенибизди сыймык менен белгилеп жатабыз. Урматтуу мекендештерим! Жалпы дүйнөнү алдастаткан пандемия биздин мамлекетти да чоң сыноого туш кылды. Кыйын күндөрдү өткөрдүк. Бирок биз күрөштү тынбай уланттык. Кол куушуруп, мүңкүрөп отуруп калган жокпуз. Бул апааттан кутулуу - мамлекеттик бийликтин аракетинен гана эмес, коомдун биримдигинен жана жоопкерчилигинен көз каранды экенин көрдүк. Бүгүн жалпы элибиздин атынан баарыңыздарга терең ыраазылык билдирем!", - деди президент Сооронбай Жээнбеков.
Добавить комментарий ×