Президент Ошто баңгизатына байланышкан ишти караган сотту кызматтан алды
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда, КР Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Ош шаардык сотунда судья болуп иштеген Айнура Сулаймановага тартип жазасын колдонуу менен кызмат ордунан бошотуу тууралуу берген сунушунун негизинде аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
КР Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулаймановага карата ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза колдонуу жөнүндөгү сунуштамасы менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан.
Тартиптик жаза колдонуу өндүрүшүн козгоого Ош облусунун прокуратурасынын тартиптик чара колдонуу тууралуу сунушу негиз болуп, анда судья Айнура Сулайманова баңги затка байланышкан өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган адамдын кылмыш ишин кароосунда, иштин жагдайларын толук изилдебей туруп, ага карата иштин материалдарында тиешелүү соттук экспертизасынын корутундусу жоктугуна карабастан, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарганы негиз болгон.
Жыйынтыгында жогору турган сот инстанциясы чыгарылган соттук актыны жокко чыгарды. Ишти кайрадан кароонун натыйжасында соттун өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 1100 эсеп көрсөткүчү өлчөмдөгү айыпка кириптер кылуу менен 10 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы берилген.
Бүгүнкү күндө аталган өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген. Прокуратура органынын сунушун кароонун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судья Айнура Сулаймановага карата судьялык кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик чарасын колдонуу чечимин чыгарган.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Добавить комментарий ×