Жээнбеков Францияга иш сапары менен барат
Президент Сооронбай Жээнбеков Францияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу 12-ноябрда төрага Дастан Жумабеков Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушуу учурунда айтылды жана Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Дастанбек Жумабеков жана Жогорку Кеңештин делегациясы Парижде өткөн Дүйнөлүк I согуштун аяктагандыгынын 100 жылдыгына карата уюштурулган иш чарага барган.
"Аталган иш-чаранын алкагында төрага Дастанбек Жумабеков менен Франция республикасынын президенти Эммануэль Макрондун жолугушуусу өттү. Жолугушууда Төрага Франция мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун дубай саламын билдирди.
Аны менен катар Дастанбек Жумабеков президент Сооронбай Жээнбеков Франция президентинин чакыруусун кабыл алгандыгын жана 2019-жылы Францияга иш сапар менен келерин маалымдады.
Өз кезегинде Эммануэль Макрон Франция үчүн эң маанилүү саналган иш-чарага Кыргызстан тараптын катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди"-деп жазылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-franciyaga-ish-sapary-menen-barat
Добавить комментарий ×