Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Нарынга барат
Поделиться в:
Президент Сооронбай Жээнбеков 19-20-август күндөрү иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалыматта, президент Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорун жана Нарын шаарын кыдырып, пандемия шартында санариптештирүү жана аймактардагы ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.
Анан да айыл чарба, кайра иштетүү, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетика объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.
Эскерте кетсек, буга чейин мамлекет башчы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Ысык-Көл облустарында да болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-eki-kn-naryndy-kydyrat
Добавить комментарий ×