Жээнбеков: Экономиканы сактап калуу үчүн өзгөчө абал режими алынды

30 июня 2020 12:08 1988 Barometr
Поделиться в:
ok

Экономикалык чөйрөнүн жөндөмдүүлүгүн сактап калуу үчүн өзгөчө абал режими алынганын Сооронбай Жээнбеков белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков КР Жогорку Кеңешинин жыйынында Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө катышты. Ант берилгенден кийин жаңы Өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.

“Берген антыңарга бекем туруп, өлкөбүз үчүн бардык күч-аракетиңерди жумшайсыңар деп үмүттөнөбүз. Силер оор кырдаалда, өтө жооптуу мезгилде кызматка киришип жатасыңар. Жүктөлгөн милдеттерди бийик абийир, жогорку жоопкерчилик менен аткарып, кырдаалды тез арада оңдой турган антикризистик Өкмөт болосуңар деп ишенебиз. Кимдин ким экени, унчукпай кылып жаткан иши да, курулай, карандай гана сөзү да ушундай мезгилде билинет”, - деди Жээнбеков.

Коронавирустун коркунучу азыр да сакталып жатканын, андан бир гана кыргызстандыктар эмес, жалпы дүйнө жабыркап жатканына токтолду.

“Капыстан келген илдеттен калкыбыздын ден соолугун, өмүрүн натыйжалуу коргоо үчүн кадимки жай турмуш эмес, катаал күрөштүн шартында иштеп жатабыз. Тартипти, санитардык–эпидемиологиялык нормаларды бекем сактап, кырдаалды көзөмөлдө кармадык. Инфекцияны жугузуунун темпи төмөндөй баштаган. Ошол эле учурда экономикалык чөйрөнүн ишке жөндөмдүүлүгүн сактап калуу муктаждыгына туш болдук. Ошондуктан, өзгөчө абал алынып, өзгөчө кырдаал режимин гана калтырдык. Тилекке каршы, өзгөчө абал алынгандан бери илдетти жугузгандардын саны көбөйүп жатат”, - деп кошумчалады президент.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-bgn-30-iyunda-kr-zhogorku-keeshinin-zhyjynynda-kyrgyzstandyktarga-kajryldy



Добавить комментарий