Жээнбеков: экономиканы калыбына келтирүүдө орто жана чакан бизнестин ролу чоң

11 мая 2020 14:18 1488 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда, өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. 

Өлкөдөгү посткризистик мезгилде экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылышы республиканын макроэкономикалык абалына зыянын тийгизип жаткандыгын айтты.

«Чек араларды жабуу — тышкы соодага абдан терс таасирин тийгизүүдө. Негизги өнөктөш өлкөлөр менен жүк жүгүртүүнүн көлөмү төмөндөп, валюта рынокторунда солгундоолор жана баалардын жогорулашы да байкалып жатты. Мындай кырдаал мамлекет үчүн гана эмес, ишкерлер үчүн дагы абдан оор болууда», — деп белгиледи Жээнбеков.

Президент учурдагы кырдаал ата мекендик экономикадагы топтолуп калган бир катар кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү ачыкка чыгарганын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы мындай көрүнүштөр сабак болуп, мындан кийинки иш-аракеттерге талаптарды кайра карап чыгуу керектигин айтты. Ошол эле учурда өлкөнүн экономикасы ачык жана эркин болгондуктан, экономикалык жоготуулар менен катар артыкчылыктар да бар экендигин кошумчалады.

«Кандай гана глобалдуу же локалдуу экономикалык депрессия болбосун — андан ишкерлердин активдүүлүгү алып чыгат», — деп президент Сооронбай Жээнбеков белгиледи жана өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүдө чакан жана орто бизнес чөйрөлөрүнүн өзгөчө ролун баса белгиледи.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков белгилегендей, бизнес учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө өкмөткө жардам берүүнү каалайт. Ал бир катар сунуштарды айтып, кризис бизнести оор абалга кептегенин, бирок ошол эле убакта экономиканы реформалоого түртүп жаткандыгын белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Темир Ажыкулов, Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти Гульнара Ускенбаева, Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү ассоциациясынын аткаруучу директору Артур Ташибеков, ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров, Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын төрагасы Мансур Абылаев, «Легпром» ассоциациясынын президенти Сапар Асанов, бизнес-акыйкатчынын орун басары Сергей Пономарев, Мөмө-жемиш ишканалары ассоциациасынын аткаруучу директору Дилбар Алимжанова баяндамалары менен чыгышты.

Өлкөнүн бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит кырдаалды жакшыртуу боюнча натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу зарылдыгына токтолуп, учурдагы окуялар жөнүндө калкты кабардар кылуунун жана оорунун экинчи толкунун алдын алуу үчүн жарандардын санитардык жана карантиндик эрежелерди сактоосунун маанисин белгиледи. Ошондой эле ал пандемия сабактарын эске алып, кыска жана узак мөөнөттүү чараларды кабыл алууга жана бизнес үчүн салыктык жеңилдиктерди берүүгө көңүл бурду.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-bgn-11-majda-lknn-biznes-associaciyalarynyn-kldr-menen-zholugushuu-tkrd



Добавить комментарий