Бөлүшүү экономикасы, Glovo, инвестициялар жана тейлөө рыногу жөнүндө

28 июля 2022 15:56 Barometr
Поделиться в:
ok

Glovo агрегатору Кыргызстанда эки жыл мурун пайда болгон. Жеткирүү кызматы кыска убакыттын ичинде өзүнүн рыноктук уясында алдыңкы орунду ээлей алды. Кыргызстандагы Glovoнун башкы менеджери Айканыш Сапаралиева менен кызматтын басып өткөн жолу тууралуу сүйлөшөбүз.

- Glovo тууралуу кененирек токтоло кетсеңиз?

Glovo 2015-жылы Барселонада негизделген эл аралык технологиялык компания. Европада Glovo эң тез өнүгүп келе жаткан агрегаторлордун бири болуп саналат, ал рекорддук кыска убакыттын ичинде капитализациясы 2 миллиард евродон ашкан жаш компанияга айланган. 

Кызмат алдыңкы IT-инфраструктурасына жана кызмат колдонуучуларды, курьерлерди жана өнөктөштөрдү бириктирген операцияларга негизделген. 

Компания көп категориялуу, анын эң популярдуу сунушу катары тамак-аш жеткирүү. Glovoнун өзгөчөлүгү - тиркеменин колдонуучулары  (биз аны "баббл" деп атайбыз) тамак-аштан сырткары каалаган нерсесин буюртма берсе болот. 

Бүгүнкү күндө кызмат жыйырма эки өлкөдө жана дүйнөнүн сегиз жүздөн ашык шаарларында бар. Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө Glovo алгач Украинанын рыногуна 2018-жылы, андан кийин Казакстанга 2019-жылы кирген. 2020-жылдын аягынан тарта Glovo Кыргызстанда активдүү өнүгүп келе жатат. Учурда Glovoну Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө дагы кеңейтүү маселеси талкууланууда. Glovo үчүн жаңы өлкөлөргө ишке киришүүнүн негизги фактору болуп мобилдик интернеттин өнүгүүсү, калктын жеткирүү кызматы менен буйрутмаларды жасоого даярдыгы саналат.

Бүгүнкү күндө бул потенциал биздин аймактын дээрлик ар бир өлкөсүндө бар жана биз ири eCommerce компанияларынын биздин рынокко чыгууга чоң кызыгуусун көрүп жатабыз.

- Тактап айтканда, Кыргызстандын эли жеткирүү кызматына даяр болгондо гана, рынокко чоң агрегатор келдиби?

- Кыргызстанда жеткирүү тармагына инвестиция тартуу үчүн жагымдуу болгон бир нече факторлор бар. Активдүү өнүгүп жаткан санариптик рынок, онлайн төлөмдөрдүн өнүгүшү, калктын жеткирүү кызматы менен онлайн сатып алууларды жасоого даярдыгы, ошондой эле өлкөнүн ичиндеги чоң контент. Айрыкча, өлкөнүн бийлиги электрондук коммерция рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенине күбө болдук. Жакында эле, Электрондук коммерция ассоциациясы курьерлердин өз алдынча иш алып баруусу үчүн патенттин айрым түрлөрүн киргизүү сунушун көтөрдү. 

Курьер кызматтары учурда абдан тез өз ресурстарын масштабдуу колдонсо, көбүрөөк курьер тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул ийкемдүү салык системасын түзөт, демек жеткирүү кызматтарын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. 

Мындан тышкары, ассоциация өлкөдө электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча демилгелерди сунуштап, өкмөт менен тыгыз иш алып барып жатканын билебиз. Бул eCommerce тармагына инвестиция кылуу үчүн жагымдуу климат.

- Атаандаштардын арасында өз кызматыңыздарды кандай баалайсыз?

- Биздин өлкөдө жеткирүү рыногу эми гана өнүгүп жатканын белгилегим келет. Биздин максат - адамдардын соода түйүндөрүнө барып соода кылуу адаттарын акырындык менен өзгөртүү, аларды жеткирүү кызматы аркылуу онлайн буйрутмаларды жасоого көндүрүү. Бул үчүн биз кызматыбызды тынымсыз өркүндөтүп, контентти кошуп, жеткирүүнү жеткиликтүү жана жагымдуу кылууга аракет кылып жатабыз. Рыноктун потенциалы чоң, менимче, бардыгы үчүн орун жетиштүү. 

Бирок, рынокто атаандаштыкка туруштук берүү үчүн операцияларды өркүндөтүү боюнча дайыма иштөө жана жаңы технологияларды колдонуу маанилүү.

Glovoдо, ресурстарды зарыл учурда убактылуу колдонууга мүмкүн болгон бөлүшүү экономикасынын бизнес модели (бөлүшүү экономикасы). 

Буйрутмаларды жайгаштырган өнөктөштөр, курьерлер жана колдонуучулар биздин платформада өз ара иштешет.

 Заманбап технологиялар процесстерди оптималдаштырууга, буйрутмаларды реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө бөлүштүрүүгө жана укмуштуудай тез натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет. Бул бизге кызматыбызды тез арада кеңейтүүгө жардам берет.

- Бөлүшүү экономика – биздин өлкөнүн рыногу үчүн жаңы нерсеби?

- Ооба. Жалпысынан алганда, бул термин салыштырмалуу жакында эле пайда болгон. Бирок, ал буга чейин бүткүл дүйнөлүк тренд болуп калды. Жаңы экономиканын бир бөлүгү катары бөлүшүү экономикасынын негизги өзгөчөлүгү санариптик технологияларды колдонуу, маалыматтарды жогорку ылдамдыкта иштетүү жана бардык бизнес процесстерин автоматташтыруу болуп саналат. Бул процесстин бардык катышуучуларынын арасында ресурстар бөлүштүрүлгөн жана тез эффективдүү өз ара аракеттенүү жана бөлүштүрүү болгон модель. 

Кыргызстандыктар таксини тез издөө камсыз кылган платформа менен жакшы эле тааныш. Glovo жеткирүү тармагында, ошол эле негизинде иштейт.

Мисалы, өнөктөштөр үчүн жеткирүү рыногунда жаңыдан өнүгүп жаткан учурда курьерлердин штатын кармоо кымбат жана натыйжасыз. Курьерлер үчүн бир мекемеден буйрутма күтүү пайдасыз болушу мүмкүн. Бардык тараптардын бир платформада интеграциясы бардык тараптарга бири-бири менен эффективдүү өз ара аракеттенүүгө, үнөмдөөгө жана тез кеңейүүгө мүмкүндүк берет.

Платформа катары биз операцияларды гана камсыз кылбастан, активдүү жарнамалык кампаниялар жана маркетинг аркылуу жеткирүү рыногунун өсүшүнө активдүү инвестициялайбыз.

Биз өнөктөштөр үчүн колдонуучуларды жана онлайн кардарларды тартабыз. Ошол эле учурда, жасалма интеллект жана маалымат аналитикасы сыяктуу заманбап технологияларды колдонгон платформабыз тынымсыз өркүндөтүлүп, жеткирүү убактысын минимумга чейин кыскартып, жакшы кызматты сактап турат. 

Биз ошондой эле, рынокко курьердик кызматтын альтернативдүү түрү катары велосипед курьерлерин жана жөө курьерлерди биринчилерден болуп киргиздик. Жалпысынан бул  шаардын экологиясына жакшы таасирин тийгизип, жаштардын кирешесин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.

- Ресторандар жана дүкөндөр менен Glovo өнөктөштүгү кандай өнүгүп жатат?

- Биздин өнөктөш база, курьердик база жана колдонуучу базабыз дайыма өсүп жатат. Жаңы иштей баштаганла биздин негизги багытыбыз "Тамак-аш" категориясындагы өнөктөштөргө болчу. Бирок, азыр биз Qcommerce багытын активдүү өркүндөтүп жатабыз, ал тамак-аштан, супермаркеттерден, дарыканалардан жана дүкөндөрдөн жеткирүүдөн башка бардык категорияларды камтыйт. Биздин негизги миссиябыз жана максатыбыз - ар бир тургунга бир нече мүнөттүн ичинде жеткирүү кызматы аркылуу буюрмаларын алып барып берүү.

Кыргызстанда жеткирүү рыногу өнүгүүнүн баштапкы этабында экенин эске алуу керек. Рыноктун потенциалы абдан чоң. Ал жогорку темп менен өсөт жана эл аралык кыщматтардын келиши менен бир топ өзгөрдү. Glovo менен эң башынан өнөктөш болгон мекемелер рейтинг топтоп бир топ артыкчылыктарга ээ болушат. Эң башынан өнөктөш болуп, платформада барлар сөзсүз алдыга чыгышат. Тиркеменин ичинде жайгашуу көп нерсени билдирет. Колдонуучулар буюртма берерде узак убакыт бою тандабайт, тиркемедеги биринчи 10-30 өнөктөштүн товарына буйрутмаларды берет. Бул эң чоң киреше алып келет.

Биз жергиликтүү рынокко алып келген өзгөрүүлөр менен сыймыктанабыз. Биздин кызмат чакан жана орто бизнеске инвестициясы жок эле жеткирүү рыногуна кирүүгө мүмкүндүк берет. 

Биздин өнөктөштөр биздин платформа менен иштешүү аркылуу бизнесин өнүктүрүп,  реалдуу кирешеден төлөм төлөшөт.

Glovoго киргенден кийин кирешесин 300-400 пайызга жогорулаткан өнөктөштөр бар. Албетте, өнөктөштөрдүн өздөрүнөн да көз каранды, алар канчалык даамдуу жана сапаттуу тамак жасап, буйрутмаларды канчалык тез тейлешет жана даярдап беришет.

Өнөктөштөрдүн рейтингтерин тиркеменин өзүнөн көрүүгө болот жана колдонуучулар тиркемедеги өнөктөштү да, курьерди да баалоого, ошондой эле пикир калтырууга мүмкүнчүлүк бар. Биз ар дайым операцияларды көзөмөлдөп турабыз жана биздин кызматтын колдонуучуларынын ар бири менен мындан аркы иштерди жүргүзөбүз.

- Glovo курьерлер менен кандай иштешет, кандай шарттарда, аларга кандай бонустар бар?

– Курьерлерди «гловерлер» деп атайбыз. Гловерлер – мекемелердин ээлери жана жетекчилери сыяктуу эле көз карандысыз өнөктөштөр. Курьерлер биз менен кызматташып, платформа аркылуу буйрутмаларды алып, жеткирип, киреше алышат.

Glovo компаниясында курьердин кирешеси аткарылган буйрутмалардын санына жараша болот. Ар бир буйрутма үчүн төлөм белгиленген суммага, курьер басып өткөн километрге, күтүү убактысына жана ар бир буйрутма үчүн чегерилген бонустарга жараша болот. Курьерлерде эркин график, алар курьердик тиркеме аркылуу жеткирүү убактысын пландаштырып, тандай алышат. Күнүнө бир нече саат, жумасына бир нече күн жеткире алган гловерлер бар, ал эми 10 саатка буйрутмаларды аткарып, күнүнө 20-25 буйрутмадарды аткарууга үлгүргөн гловерлер бар. Мындай гловерлер күнүнө 2200 - 2500 сомдон, айына 40 000 - 60 000 сомго чейин киреше таба алышат. Мунун баары көптөгөн факторлордон, курьердин жеке эффективдүүлүгүнөн, транспорттун режиминен, шаарды жана мекемелердин жайгашкан жерин билүүсүнөн жана аба ырайы, тыгындар, буйрутмаларды даярдоодогу кечигүүлөр, кардарларды күтүү сыяктуу курьерден көз каранды болбогон тышкы факторлордон көз каранды. Биз бардык этаптарды оптималдаштырууга жана ар кандай четтөөлөрдү көзөмөлдөөгө аракет кылабыз.

Сентябрь айында биз Pledge (Милдеттенме) Glovo ишке ашырып жатабыз. Бул эмне? Маанилүү социалдык демилге – бул курьерлерге алардын келишиминин түрүнө карабастан, бүткүл жеткирүү коомчулугу үчүн глобалдык деңгээлде социалдык укуктарга жетүүнү камсыз кылуу милдеттенмеси. Демилге Оксфорд университетинин эмгек рыногун изилдеген жана андагы өз ара аракеттенүүнүн адилет моделдерин ишке ашырган изилдөө бөлүмү FairWork менен биргеликте иштелип чыккан.

Pledge Грузия, Марокко жана Польшада иштеп жатат. Биз социалдык укуктарга жана жеңилдиктерге жеткиликтүүлүктү бардык гловерлерге кепилдик кылууну каалайбыз. Биздин гловерлер жана алардын үй-бүлөлөрү платформабыздан түшкөн кирешеден көз каранды. Мамлекеттин социалдык саясаты аларга керектүү кепилдиктерди камсыз кылмайынча күтө албайбыз. Гловерлер үчүн ооруп калуу же төрөт боюнча төлөм да - биздин камкордукка алынган. Демилге 2023-жылга, Glovo катышкан бардык өлкөлөрдө толугу менен ишке ашырылат.

- Курьердин эффективдүүлүгүнө кандай баа бересиз?

- Биздин баштапкы этаптагы милдетибиз курьерлерге платформаны кантип колдонууну жана биздин операцияларыбызды түшүнүүнү, ошондой эле платформанын башка катышуучулары менен кантип туура өз ара аракеттенүүнү үйрөтүү. Биринчиден, гловерлерди биз эмес, тиркеменин колдонуучулары баалайт. Колдонуучулар тиркемеде курьердин жүрүм-туруму, оперативдүүлүгү, кесипкөйлүгү тууралуу пикир калтыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Канчалык жакшы сын-пикирлер болсо, курьердин рейтинги ошончолук жогору болот, бул буйрутмаларга тезирээк жетүүнү камсыз кылат. Терс сын-пикирлер боюнча, кызматтык каталар жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда биз ар бир жеке иш боюнча аныктайбыз. Курьер менен баарлашып, биз сын-пикирлерге көбүрөөк көңүл бурабыз. Олуттуу маселе жараткан курьерге биз менен иштешүүгө бөгөт коёбуз.

- Гловер болуш үчүн кандай шарттар коюулган?

- Гловер 18 жаштан жогору болушу керек. Суук мезгилде биз менен автокурьерлер, велокурьерлер жана жөө курьерлер кызматташат, ал эми жай мезгилде жөө курьерлер биз менен кызматташпайт. Аларга велосипедге өтүү сунушталат, анткени, бул жол менен курьер көбүрөөк буйрутмаларды аткарууга жана тез жеткирүүнү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк алат. Азыр орточо жеткирүү убактысы 40 мүнөт, биз 30 мүнөткө жетүүнү каалайбыз. Курьер мекемеге барууга, буйрутманы күтүүгө, колдонуучуга жетүү жана буйрутманы колдонуучуга өткөрүүгө азыраак убакыт коротуш үчүн, биз ар бир кадамга көз салып, оптималдаштырабыз. 

- Glovo курьерлердин коопсуздугуна канчалык кам көрөт?

- Бардык курьерлер буйрутмаларды аткаруу жана кардарларды тейлөө боюнча гана эмес, ошондой эле жол эрежесин сактоо, жеке коопсуздук боюнча так инструктаж алышат. Компанияда бул маанилүү жана негизги артыкчылыктардын бири. Мындан тышкары, ар бир курьер кырсык болгон учурда материалдык зыянды калыбына келтирүүгө жардам бере турган глобалдык камсыздандырууга ээ, анын ичинде курьер тарабынан күнөө болсо, экинчи тарапка да берилет.

Кантип гловер болууга болот?

- Биздин сайтка арыз калтырсаңыз болот. Же издөө системасы аркылуу "кантип гловер болууга болот" деп териңиз. Шилтеме аркылуу маалыматыңызды жана арызыңызды калтыруу керек. Андан ары потенциалдуу гловерлерди тренингге чакырылып, жабдуулар менен камсыздалат.

- Тиркемеде колдонуучу каалаган убакта ар кандай себептерден улам буйрутманы жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул буйрутмаларды курьерлер төлөп калбайбы?

- Курьер мекемеден буйрутма алып, колдонуучу тарапка бара жаткан кезде, баш тартуу тууралуу билдирүү алган учурлар бар. Глобалдык платформа катары биз экологиялык жактан жоопкерчиликтүүбүз жана жергиликтүү коомчулукка баалуулук алып келүүнү каалайбыз. Бизде мындай учурлардын алгоритми бар. Биз жергиликтүү ӨЭУ менен кызматташып, курьерлер азык-түлүктү өнөктөштөрүбүзгө жеткирип беришет, алар өз кезегинде муктаж болгондорго буюртманы беришет. Азык-түлүккө муктаж адамдар жетиштүү болгон учурда таштандыга ыргытпай, аны мүмкүн болушунча тезирээк социалдык муктаждыктарга багыттоо абдан маанилүү деп эсептейбиз.

-Жокко чыгарылган буйрутмалардын пайызы канча?

- Башында буйрутмалар боюнча бир топ жокко чыгаруулар болгон, анткени бардык колдонуучулар платформанын кантип иштээрин түшүнүшкөн эмес жана ката кетиришкен. Азыр жокко чыгарылган буйрутмалардын пайызы 3-4% ашпайт.

- Жалпысынан Glovo инвестицилары Кыргызстандын рыногуна кандай таасир этет?

Жеткирүү тармагын өнүктүрүүгө туруктуу инвестициялар улантылат.

Ссылка: https://barometr.kg/glovo



Добавить комментарий