Жээнбеков беш өлкөнүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-мартта 5 өлкөнүн элчилери менен жолугушуп, алардын ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Россиянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкодон, Кытайдын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнден, Италиянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Паскуале Д’Авинодон, Чехиянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Рудолф Гиклден жана Бениндин толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Нукпо Клеман Кикиден Ишеним грамоталарды кабыл алды.
Мамлекет башчысы аларды Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, иштерине чоң ийгиликтерди каалады.
Ар бир Элчи менен баарлашуу учурунда Жээнбеков кыргыз тарап экономикага, саясатка, туризмге, билим берүүгө, илим жана техникага байланыштуу бардык багыттар жана эки тараптуу кызыкчылык туудурган башка тармактар боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкка чоң маани берерин белгиледи.
«Эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында мамилелерди бекемдөө жана ошондой эле элдерибиздин ортосундагы достукту тереңдетүү максатында бардык аракеттерди көрөсүздөр деп ишенем», — деп белгиледи Жээнбеков.
Өз кезегинде Россиянын, Кытайдын, Италиянын, Чехиянын жана Бениндин Элчилери кызматташуу жана алардын өлкөлөрүнүн элдерин Кыргызстандын эли менен жакындаштыруу боюнча алдыларына койгон пландарын жана милдеттерди белгилеп өтүштү. Элчилер соода-экономикалык, саясий, маданий-гуманитардык тармактарда өз ара пайдалуу мамилелерди ургаалдаштыруу жана өнүктүрүү үчүн бардык аракеттерди жумшай турганына Кыргыз Республикасынын Президентин ишендиришти.
Россиянын жана Кытайдын элчилери менен Россиянын Президенти Владимир Путиндин жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга алдыда боло турган мамлекеттик визиттери боюнча маселелер талкууланды.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-besh-lknn-elchilerinin-ishenim-gramotalaryn-kabyl-aldy
Добавить комментарий ×