Жээнбеков: "Апрель окуясында жабыр тарткандарга мамлекет тараптан дайыма жардам болуп турушу керек"

23 августа 2018 02:15 1162 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шааарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүн кабыл алды. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти. 

Президент 2010-жылдагы окуяларда жабыркагандар жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө дайым мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлөөрүн белгиледи. «Бардыгы үчүн бирдей, туруктуу колдоо жана мамлекет тарабынан жардам болушу керек», — дейт Жээнбеков. 

«Чыныгы баатырлар мамлекеттин тарыхында калышы керек. Бул окуялар өлкөнүн билим берүү системасынын тарых боюнча окуу китептеринде чагылдырылып, илимий баа берилиши керек», — деп айтты мамлекет башчысы жана 2010-жылдагы окуялар — бул өлкөнүн тарыхы жана аны эч ким бурмалай албасын белгиледи.

Апрель окуяларынын катышуучусу Алиясбек Алымкулов бардык «апрелчилердин» атынан жабыр тарткандарды жок дегенде жарым жылда бир жолу медициналык кароодон өткөрүү өтүнүчүн билдирди, анткени жарат алгандардын көбү тиешелүү медициналык жардамды ала албай жүрүшөт.

Ошондой эле ал мамлекет башчысынын 2010-жылдагы окуяларга илимий баа берүү пикирин колдоп, өзү дагы бул окуялар тууралуу илимий эмгек жазып жатканын кошумчалады.

Жолугушуунун катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековго колдоосу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти жана 2010-жылдагы окуялардын катышуучулары саясий оюндардан тышкары болушу керектигин белгилешти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-aprel-okuyasynda-zhabyr-tartkandarga-mamleket-taraptan-dajyma-zhardam-bolup-turushu-kerek



Добавить комментарий