ЖЭБ боюнча сот: Модернизация үчүн 386 млн.доллардан болгону 360 млн.доллары гана ТВЕАга которулган
Бүгүн, 23-майда, ЖЭБди модернизациялоо боюнча ишти караган Свердлов райондук сотунда Кыргызстанга Эксимбанк тарабынан бөлүнгөн 386 млн. доллар өлчөмүндөгү кредиттик каражаттан кытайлык компания ТВЕАга канча төлөнгөндүгү тууралуу сөз болду. Айыпталуучу Темирлан Биримкуловдун жактоочусу жабырлануучу тараптан Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн жалданган компанияга канча сумма которулгандыгын тактап айтууну сурады.
"Бардык 386 млн. доллар толугу менен которулдубу?" – деп сурады жактоочу.
Жабырлануучу тараптын өкүлү, Каржы министрлигинин кызматкери Азамат Ысаков бардык сумма жалданган компанияга которулбагандыгын айтты.
Анын айтуусунда 386 млн.доллардан болгону 360 млн.доллары ТВЕАга которулган.
"Ошентип, кредиттин жалпы суммасынын 5%ы, башкача айтканда 19 млн.доллар кепилдик сумма катары эсепте жатат, калган 6 млн.доллар – кошумча иштер үчүн каралган каражат", - деп тактады министрликтин кызматкери.
Добавить комментарий ×