"Кумтөр Голд Компании" ишканасынын башчысы Кыргызстандан качып кетти
“Кумтор Голд Компании” ЖАКта сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"2019-жылдын 1-декабрында Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен бульдозердин айдоочусу Ж.Ж. менен тоо бөлүмүнүн адиси О.И. жер көчкүнүн астында калып, каза болгон.
2021-жылдын 15-февралында “Кумтор Голд Компании” ЖАКтын кенинде 1996-жылы туулган экскаватордун айдоочусу 1996-жылы туулган И.Ж. иш учурунда экскаватор менен кошо Петров көлүнө кулап чөгүп кеткен.
Бул фактылар КЖБРге КРнын Жазык кодексинин 258-беренеси (Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча катталган.
2021-жылдын 3-майында Ысык-Көл облусунун прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү Ысык-Көл ОИИБдин Тергөө кызматына мындан аркы кошумча тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн жиберген.
Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча толук жана калыс иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Ысык-Көл ОИИБдин Тергөө кызматы 2021-жылдын 12-май күнү саат 11:00го күбө катары төмөндөгүлөрдү чакырган. Саймон Тан - “Кумтор Голд Компании” ЖАКтын каржы боюнча директору, Деон Баденхорст - “Кумтор Голд Компании” ЖАКтын президенти, Арипин Буман - “Кумтор Голд Компании” ЖАКтын ташып келүүлөр тутумун башкаруу боюнча директор.
Алдын ала болжолдуу маалымат боюнча “Кумтор Голд Компании” ЖАКтын жетекчилиги Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгып кеткен",- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/kumtr-gold-kompanii-zhakda-eki-okuya-boyuncha-sotko-chejinki-ndrsh-zhrp-zhatat
Добавить комментарий ×