ЖЭБдеги авария боюнча кылмыш иши сотто карала баштады

19 октября 2018 17:00 1116 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо боюнча козголгон төрт кылмыш ишинин алгачкысы карала баштады. Бүгүнкү жараянга "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын экс-директору Узак Кыдырбаев баштаган камактагы адамдар жеткирилди.

Жараянга жабырлануучу катары “Электр станциялары” жана “Бишкек жылуулук тармактары” ишканаларынын өкүлдөрү катышууда. Айыпталуучулардын адвокаттары ал ишканалардын жабырлануучу катары сотко катышып жатышканына нааразылыгын билдирип, аны мыйзамсыз деп баалашты.

Бишкек ЖЭБи боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон: жылуулук станциядагы авария тууралуу жана модернизациялоодогу коррупциялар.

Коррупция боюнча кылмыш иши азырынча сотко жибериле элек.



Ссылка: https://barometr.kg/zheb-boyuncha-kylmysh-ishi-sotto-karala-bashtady



Добавить комментарий