Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтында дагы бир аскер каза болду

7 ноября 2019 13:03 2860 Barometr
Поделиться в:
ok

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын күзөт жана кайтаруу департаметинин катардагы аскери каза болду. Бул тууралуу аталган мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Бул апта ичинде аталган кызматтын аскери каза болгон экинчи окуя.

5-ноябрда кечки текшерүүлөрдө К.К. аттуу кичи сержант өзүн жаман сезип жатканын билдирген. Алдын ала маалыматка ылайык, аскер каза болуусуна жүрөгү кармап калганы себеп болгону айтылат.

19 жаштагы К.К. быйыл Баткен облусунун Кадамжай районунан аскерге чакырылган эле. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иши башталды.

Эскерте кетсек, буга чейин Новопокровкадагы №3 түзөтүү жайында 4-батальондун катардагы аскери Р.Б. электр тогунан жапа чегип жаракат алып каза болгону айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhaza-atkaruu-mamlekettik-kyzmattynda-dagy-bir-asker-kaza-boldu



Добавить комментарий