Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жоокери каза болду
Поделиться в:
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп каза болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, «Окуя 4-ноябрь күнү болгон. Токко урунган аскерге медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болуп калды», - деп айтылат.
2018-жылы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында кызматын өтөп жүргөн жоокер өз жанын кыйган үч факты катталган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhaza-atkaruu-mamlekettik-kyzmatynyn-zhookeri-kaza-boldu
Добавить комментарий ×