Жаңы жылга карата азык-түлүктөрдүн базардагы баалары

27 декабря 2018 06:39 1314 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok


Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Адатта бул майрамдын алдында базарларда азык-түлүккө болгон баа өсө баштаары баарыбызка маалым. Быйыл жаңы жыл алдында кандай көрүнуш орун алып жаткандыгы тууралуу Бишкек шаарындагы Ош базарында жана бир катар ири соода түйүндөрүндөгү бааларга "Биринчи радио" сереп салды.

Салтка айлангандай жаңы жылдык дастарокон жок эле дегенде салаттын 3 түрү, андан башка да түрдүү тамак-аш, таттуулар менен кооздолот. Азык-түлүктөрдү 31-декабрда да сатып алса болот, бирок акыркы мүнөттөрдө дүкөнгө чуркап, 3 эсе кымбат сатып алып жана кезекте туруу – бул ашыкча түйшүктү жаратат. Ал эми 8 жылдан ашык соода менен алектенип келе жаткан Сабира Керимкулова жаңы жылга жакын азык-түлүктөрдүн баалары 5 сомдон 30сомго чейин көтөрүлгөнүн билдирди:

“Майрам жакындаган сайын баалары акырындык менен көтөрүлүүдө. Алып сатарлар дүңүнөн алган баа деле кымбаттай баштады. Мысалы күрүчтөрдүн баасы 20 сомго чейин жогорулады. Бирок баары сапатына жараша десек туура болот. Соодагер катары мен бир нерсени баса белгилегим келет, байкашымча акыркы убакта көпчүлүк жардыргычтарды сатып алуудан алыстай баштады. Ага караганда дасторкондоруна көбүрөөк көңүл бурушууда. Бул албетте жакшы деп ойлойм.”

Мындан сырктары мөмо жемиштердин баасы дагы кескин көтөрүлгөнүн көпчүлүктөн уга алдык. Мисалга алсак ананастын бир килограммы буга чейин 100сом болсо учурда ал 130 сомдон сатылууда. Шаардыктардын айтымында жаңы жылга карата өзгөчө эттин жана жашылча жемиштер кымбаттайт.

Айрыкча бул күндөрү мөмө жемиш жана уй менен койдун этинин баасы кескин көтөрүлөт. Андыктан кайсы жактан соода кылсаңыз дагы жарактуу мөөнөтүнө жана анын таңгагынын сакталышына көңүл буруңуз.

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-zhylga-karata-azyk-tlktn-bazardagy-baalary



Добавить комментарий