Жаңы окуу жылында мектептерде бирдиктүү форма талап кылынбайт

27 августа 2020 14:32 1262 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы окуу жылында мектепке бирдей форма кийүү талабы коюлбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков "Биринчи радиого" маек учурунда берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

"Бул тема катуу талкууланып жатат. Эмне себептен окуучуларды бирдей форма кийүүгө милдеттендирген жокпуз? Себеби айрым мектеп жетекчилери тигүү цехтери менен сүйлөшүп алып андан пайда көрүшөт. Ар ким өз кызыкчылыгына чуркабашы үчүн окшош форма кийүү талабын алып салдык. Бул үчүн мени сындашты. Бирок мектепте үстү ак (көйнөк), алды кара (шым, юбка) деген классикалык форма көптөн бери бар. Чечим кабыл алардан мурда биз ата-энелер менен акылдаштык", — деди Исаков.

Исаков окуучуларга окшош форма кийгизели деген мектеп жетекчилеринин өз кызыкчылыктары бар экенин белгилеп өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-okuu-zhylynda-mektepterde-birdikt-forma-talap-kylynbajt



Добавить комментарий