Жаңы финансы министри дайындалды

13 декабря 2018 15:54 1173 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

 Бактыгүл Жеенбаева  финансы министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 

Бактыгүл Жээнбаева 1960-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында туулган. Экономика илимдеринин кандидаты. Учурунда "Кыргызстан коммерциялык банкынын" директорлор кеңешинин төрайымы болуп, кийин Улуттук банктын төрайымы, 2011-2015-жылдары аталган мекеменин жетекчисинин орун басары катары эмгектенген. Мамлекеттик ипотека компаниясынын башчысы болуп да иштеген. Ошондой эле 2016-жылдын декабрына чейин "Айыл банктын" башкаруучулар кеңешинин төрайымы болгон. 

2018-жылдын июлунан тарта президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштеп жаткан.


Ссылка: https://barometr.kg/zhay-finansy-ministri-dajyndaldy



Добавить комментарий