Жаштар конгрессинин катышуучулары мамлекеттик телеканалдан бекер убакыт берилүүсүн сурашты
Поделиться в:
Бүгүн, 12-ноябрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жаштар күнүнө арналган республикалык жаштар конгрессинин делегаттары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирди.
Конгрессте жаштар долбоорлорун сунуштоо учурунда иш-чаранын катышуучусу Эрмек Адылбеков “Ачык асман” демилгеси боюнча долбоор менен тааныштырды аны менен кошо учурда экологиялык роликтерди мамлекеттик телеканалдар аркылуу чагылдырууда кыйынчылыктар болуп жатканын белгилей кетти. Ага кошумча мамлекеттик телеканалдан роликтер үчүн атайын бекер убакыт берилүүсүн сунуштады.
“Мамлекеттик телеканалдар аркылуу экологиялык роликтерди чагылдырууда бир канча каражат төлөнүшү керек. Бул маселеге активисттер же экологиялык уюмдар эле эмес, бардыгыбыз кызыктар болушубуз зарыл. Ошондуктан экологиялык роликтерди телеберүүлөр аркылуу акысыз чагырууну сунуштайбыз”, – дейт Эрмек Адылбеков.
Эске салсак, бул жыйын эки жылда бир жолу болуп, анда жаштардын долбоорлору каралып, ой пикирлери талкууланат.
Добавить комментарий ×