Жашоосун өзгөртөм деген аял аткара турган 6 иш

21 сентября 2021 17:05 2275 Barometr
Поделиться в:
ok

Эгерде сиз бактылуу болуп, эч кимге таарынбай жашап жатсаңыз анда жакшы, бирок көп учурда эле стрессте, күмөн саноолордо жашап жатсаңыз  кандай кылса болот? Албетте жашоону өзгөртүү керек. Бирок кантип? Бүгүн barometr.kg психологдун айткандарына таянуу менен жашоону бир жылдан түп тамырынан бери өзгөртө турган 6 адатты же көндүмдү сизге сунуштайт.

1.Китеп окуу  

Канчалык таңкалыштуу угулса дагы, бул адатты калыптандырып алуу кажет. Анткени китеп окуган адам өзүн-өзү сыйлай баштары, сөз байлыгы кеңейери, сөздөр таза айтылып, мээ жакшы иштей баштары аалымдар тарабынан аныкталган. Анан калса сизди кыйнап жүргөн көп суроолорго китептер аркылуу жооп таба аласыз.

2. Интернеттен баш тартуу

Бул адат дагы таң калыштуу угулат. Бир караганда интернет пайдалуу маалыматтардын булагы болгондой сезилет. Бирок талдай келгенде пайдасыз контенттерди көрүү адамдын убакытын бошко кетирет.

Болгону сиз үчүн гана пайдалуу контентти маалы менен көрүп, калган учурда смартфонго жолбогонго аракет кылсаңыз үлгүрбөй жүргөн көп иштерди жасайсыз.

3. Тааныштар менен көп сүйлөшпөңүз!

Убактылуу болсо да 80 пайыз тааныштарыңыз менен сүйлөшкөндү токтотуп, жаңы адамдар менен сүйлөшө баштаңыз. Жашоо деңгээлиңиз менен көз карашыңыз өзгөрсүн десеңиз курбулар менен кече уюуштургандан, жакындарыңыз менен ар кимди талкуулап телефондо отургандан алыс болуңуз. Жашооңузга жаңы адамдары алып кирип алардын жаңы идеялары менен тааныш болуңуз.Бирок бул адамдар чыны менен жашоо образы кызыктуу, пайдалуу адамдарбы же эски тааныштарыңыздай эле ойлонгон адамдарбы эске алыңыз.

4. Сейилдегенге убакыт бөлүңүз!   

Күнүгө таза абада сейилдөө адамдын келбетин гана эмес, маанайын дагы эң сонун жакшыртат. 

5. Гердеробуңузду, косметикаларыңызды жана атырыңызды алмаштырыңыз!  

Жаңы кийимдер, косметикалар аялга жаңыча дем берет.  

6. Акча топтоону баштаңыз!  

Адамдар эмне үчүн нерв болушат? Албетте максаттары орундабай калган калган кезде ачууланышат.Көп маселелерди чечиш үчүн өзүңүзгө кенен акча камдаңыз.Ал тургай чакан айлык алсаңыз дагы анын бир бөлүгүн катып коюңуз. Алар сизге жакшы кызмат кылышат. Акчасы бар аялдар эркектер менен дагы башкача сүйлөшүп, өзүн башкача алып жүрөт. Тактап айтканды ишенимдүү жана демдүү. Албетте ишенимдүү аялга ишенимдүү мырзалар гана жакындай алат.

Ссылка: https://barometr.kg/zhashoosun-zgrtm-degen-ayal-atkara-turgan-6-ish



Добавить комментарий