Өзүбүзду текшеребиз: өтө акылдуу адамдар гана ээ боло турган 10 сапат

18 сентября 2021 13:27 8972 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Көпчүлүк акылдуу адамдардын мүнөзү, жашоо образы жана тышкы келбетинде өзгөчөлүктөр болорун окумуштуулар изилдеп чыгып жыйынтыкка келишкен. Алардын изилдөөсүнө таянсак IQсу жогорку адамдарды төмөнкү белгилерден билсе болот. Бүгүн barometr.kg аларды сизге сунуштайт.

1. Обочолонуп турат 

Акылдуу адамдар көп учурда элге аралашпай, интроверт болушат. Жаңы адамдардын арасында алар көңүл чордонунда болбой, токтоо жана уялчаагыраак болушу мүмкүн.

Мындай адамдар көбүнчө ызы-чуу, күрү-гүү болуп көп адамдар топтолгон жерден качып, жалгыздыкта болугулары келет, өзү менен өздөрү калгандан коркушпайт.

2. Түн ичинде иштейт

Күндүзгү иштер аларды алаксыткандыктан түн ичинде-чыгармачылык менен креативдин учурунда иштешет.

3. Бир аз келбетин карабайт

Кийимдери, чач жасалгасы, жумуш орду интеллектуалдарда анча жыйналбаган, таралбаган абалда болот. Албетте таптакыр эле өзүн таштап салбайт, бирок бир азыраак жыйнаксыз, тыкан эмесирээк болушат. Алар үчүн жөн гана таранып, күзгүнү каранып, же майда-чүйдө үй оокатын жасап отуруудан көрө идеяларды ишке ашыруунун өзү кызык болот.

4. Мыкты тамашалашат

Курч тамаша, мыкты юмор үчүн мыкты мээ керек. Адеп таанышканда акылдуулар көп унчукпаганы менен тамашасы менен юмору эң сонун болот

5. Өздөрүн иштете алышат 

Статистикага ылайык, интеллектуалдар спортту жакшы көрө бербейт, бирок пайдалуу экенин түшүнөт, ошондуктан өзүн мажбурлап болсо дагы машыгат. Өзүн мыкты көзөмөлдөп, күн тартибин иреттеп, диета кармап, эмоциясын кармана билгендер-чыныгы IQсу жогору адамдар болуп саналат.

6. Көп учурда таланттарын кичирейте беришет 

Анча интеллектуалдуу эмес адамдар өздөрүн аябай кыйын сезишип, мыкты кесипкөй деп эсептешип, ишенимдүү жүрүшөт.

Ал эми чыныгы интллектуалдар дагы көп нерсе үйрөнүү керектигин сезип унчугушпайт. Ошондуктан өздөрүнүн жетишкендиктери менен ийгиликтерин кичирейтип көрсөтүп, жетишкендиктерин баалабай, өзүнүн кызматына татыксыздай сезе беришет.

7. Кызыкдар болуп турушат

Интеллекти жогорку адамдар өмүр бою окушат, үйрөнүшөт, кызыккан нерсеси бүтпөйт. Интеллект-бул кумар!

8. Тынчы кете берет!

Акылдуу адамдар көп учурда пландоого жана прогноздоого ыңгайланышат, ошондуктан алар көп учурда мээлерине тескери сценарийлерди ойлоп алышат. Анткени бир нерсе болуп кетсе камдуу болуш керек деп камданып турушат. Мындан улам көп учурда тобокелдикке барган досторуна салыштырмалуу алар тынчы жок, кабартыр боло берген адамдар болушат.

9. Адамдарды жакшы сезе билет

Акылдуу адамдар башкаларды басынтпайт, аткени алардын жагдайына өзүн коюп көрөт. Адамдарга боорукер жана аларды сезе билет.

10. Үй-бүлө күткөнгө шашпайт

Адамда канчалык интеллект жогору болсо үй-бүлө курууга, эгер интелектуалдуу аял болсо балалуу болууга шашпайт. Окумуштуулар жогорку билимдүү жана жакшы кызматтарда иштеген аялдардын балдары аз болорун жана турмушка кеч чыгышарын аныкташкан.

Ссылка: https://barometr.kg/zbzdu-teksherebiz-t-akylduu-adamdar-gana-ee-bolo-turgan-10-sapat



Добавить комментарий