Жаш балдардагы аллергиянын белгилери

3 марта 2022 10:05 6249 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда жаш балдардын аллергия оорусуна туш болгондор абдан эле көп. Аллергиянын белгилери: Бала чүчкүрүп баштайт, мурдуларынын тегереги кызарат, кычышат жана мурдунан тынымсыз суу куюлат. Ар бир ата-эне аллергиябы же балага жөн эле суук тийип, шамалдагандын айырмасын айырмалай билүү керек. Бул тууралу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Мисалы, бала шамалдап же ага жугуштуу оорууга (инфекция) кабылган учурда, баланын табы көтөрүлөт.

Ал эми аллергия болсо- анда баланын көзү кызарат, мурду кычышат жана ар бир чаңга же башка нерселерге туруштук бере албай калат.  

Аллергияга түрткү болчу себептер:

-Үйдөгү жана сырттагы чаң

-Гүл өсүмдүктөрү

-Үй жаныбарларынын жүндөрү

-Жагымсыз жыттар

-Айрым тамак-аштар

Эгерде сиз балаңыздагы аллергиялык белгилерди байкасаңыз, дароо доктурга кайрылганыңыз жакшы. Ошондой эле бөлмөңүздү желдетип, бат-баттан тазалап туруңуз. Аллергияны чакырган тамак-аш түрлөрүнө тартип киргизип, балаңызды диетага отургузуңуз. Мисалы, бал, кызыл балык, деңиз тамак-аштары жана кызыл балык ж.б.

Ссылка: https://barometr.kg/zhash-baldardagy-allergiyanyn-belgileri



Добавить комментарий