Жаркын Балыкбаеваны маданият өкүлдөрү эскеришти

8 апреля 2019 12:55 1298 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

6-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева 77 жашында Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирген. Бүгүн, 8-апрелде 9:30 да Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Barometr.kg сайтынын кабарчысы да Балыкбаеваны узатуу зыйнатына катышып, айрым маданият өкүлдөрүнүн эскерүү пикирлерин угуп келди.

Режиссёр Мурат Мамбетов:

“Мен жаш актёр болуп иштеп жүргөндө Жаркын эже бул жерде да актриса болуп иштеп жүргөн. Өзү жөнөкөй инсан эле, мени иниси катары жакшы көрөөр эле. Мен болсо тамашалап Жаркын эже сиз эгерде мени менен жакшы мамиледе болсоңуз кийин мен режиссёр болгондо сизди башкы ролго киного тартам дей берчүмүн. Анан убакыт өтүп “Чиркин өмүр” сериалы тартылаарда атайын Шарчыгай деген ролду Жаркын эжеге арнап туруп тарткам, менимче аябай жакшы ойногон. Эже аябай күчтүү актриса болчу. Ушул эже менен иштеш мен үчүн аябай ырахат болчу. Арты кайырлуу болсун”, -деген пикирин айтып кайгырып турганын билдирди.

Ал эми президенттин кеңешчиси, КРнын эл жазуучусу Султан Раев:

“Балыкбаева эжебиз Кыргызстандын театрынын көрүнүктүү артистеринин бири эле. Жаркын Балыкбаева өзүнө берилген чоң ролдорду дагы кичинекей ролдорду дагы жада калса эпизоддорду да жогорку деңгээлде аткара билген актриса болчу. Менин “Ханышанын көз жашы” драмамда, “Кайман” драма-пьесамда башкы ролдорду ойногон. Ошол спектаклдер менен бир топ чет өлкөлөргө чейин барып келдик. Эженин аткарып жаткан ролуна болгон берилүүсү, жоопкерчилиги, чеберчилиги өзгөчө таң калтырчу. Эже ошол эле учурда жөнөкөй адам катары кала берчү. Театрга арнаган 50 жылдын ичинде жүздөгөн ролдорду аткарды. Эрмек Мойдуновдун экөө бир үй-бүлө гана болбостон экөөнүн ортосунда чыгармачылык дагы, кесиптик дагы мамиле, жогорку адамгерчилик сапат дагы бар эле. Эрмек Мойдунов дагы кайда жүрбөсүн Жаркын, Жаркын деп жубайын оозунан тушүрбөй жүрчү. Эми биз чоң талантты арабыздан узатып жатабыз, менин оюмча эже театрды сыйлаган анын өнөрүн баалаган адамдардын көкүрөгүндө түбөлүккө кала берет”, -деп эскерди.

Маркумдун сөөгү тарыхый мемориалдык Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Эске салсак, актриса Жаркын Балыкбаева өмүр бою Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп иштеп, акыркы жылдары театрдын алдында түзүлгөн атайын окуу жайда актердук чеберчилик боюнча сабак берип келген. Ал Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы болчу. Актриса "Айыл өкмөтү", "Боз салкын", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Белгисиз маршрут" өңдүү бир топ тасмаларда роль жаратып, тартылып, театр сахнасында да бир топ образдарды жараткан.

Балыкбаева 6-апрель күнү түштө бөйрөгү иштебей калгандыгына байланыштуу дүйнө салган.

Ссылка: https://barometr.kg/zharkyn-balykbaevany-madaniyat-kldr-eskeret-aktrisa-nrd-baalagan-adamdardyn-kkrgnd-tblk-kala-beret



Добавить комментарий